Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Орусиянын соккусу Харьковдо көп кабаттуу үйгө тийип, беш кишинин өмүрү кыйылды


Харьковдогу көп кабаттуу үйгө тийген соккунун кесепети. 18-август, 2025-жыл
Харьковдогу көп кабаттуу үйгө тийген соккунун кесепети. 18-август, 2025-жыл

Орусиянын Харьковдогу соккусунан беш киши каза болду, арасында бир жашар бала бар. Шаардын мэри Игорь Тереховдун маалыматына караганда, сокку көп кабаттуу үйгө тийди.

Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, каза тапкандардын арасындагы дагы бир бала - 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү урандыдан табылды. Чабуулдун кесепетинен 18 киши жараат алды, анын алтоо балдар. Уранды алдында дагы кишилер болушу мүмкүн, саны такталууда. Азыр беш киши дайынсыз деп изделип жатат.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргендей, сокку 18-августта таңкы саат 05:00гө чукул урулган. Анын кесепетинен турак жайдын биринчи, үчүнчү жана бешинчи кабатында өрт чыккан.

Түндө Терехов Харьковдо эл жашаган турак жайларга баллистикалык ракета тийгенин, алты көп кабаттуу үйдүн терезелери күбүлгөнүн, эки киши, анын ичинде 13 жашар кыз жараат алганын маалымдаган.

Одессада орус армиясы отун-энергетика объектисине жана эки кабаттуу имаратка сокку урганда катуу өрт тутанганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирген.

Жергиликтүү басылмалар "Жаңы почта" жана Азербайжандын SOCAR мамлекеттик компаниясынын терминалы бутага алынганын жазган, бул маалымат расмий тастыктала элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG