Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:58

Орусияда азери аял "чет элдиктер менен жашыруун кызматташкан" деген айып менен камалды


Рязань
Рязань

Орусиянын Рязань облустук соту теги азербайжандык Мехрибан Лукинскаяны беш жылга абакка кести.

Бул тууралуу Mediazona соттун басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, азери аял "Чет мамлекет, эл аралык же чет элдик уюм менен жашыруун кызматташуу беренеси" (Кылмыш кодексинин 275.1-беренеси) менен күнөөлүү деп табылган.

Ага каршы иш 2025-жылдын май айында сотко ашып, карала баштаган. Кылмыш ишинин чоо-жайы жашыруун болуп ачыкталган жок.

Журналисттер ачыкка чыгып кеткен маалымат базасындагы маалыматтарга таянуу менен Мехрибан Лукинская 55 жашта экенин, Бакуда туулуп-өскөнүн аныктады.

Ал 2017-2021-жылдары Рязань түтүк заводунда жана уста куралдарын чыгаруучу ишканада иштеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG