Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Харьков: Орусиянын соккусу беш өмүрдү жалмады, ондон ашууну жарадар

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

00:36

Вашингтондо Дональд Трамп менен Владимир Зеленский жолугууда

Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу башталды. Андан кийин Трамп украин президентине колдоо көрсөтүп, Вашингтонго барган европалык лидерлер менен жолугат.


Ак үйдөгү бүгүнкү жолугушуулар Аляскадагы саммиттен кийин өтүп жатат.

15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында президент Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин жолугушкан. Украинадагы согушту токтотуу маселеси сүйлөшүүнүн башкы күн тартибинде болду. Жолугушууну эки лидер "жемиштүү" деп сыпаттаганы менен Трамп Украинадагы үч жарым жылдан бери уланып жаткан урушту токтотуу боюнча келишимге жетише албаганын билдирди.

Путин согушту токтотуу үчүн Киев Украинанын Донецк жана Луганск облустарынан аскерлерин толук чыгарып кетүүсүн жана аннексияланган Крымды Орусияныкы деп таанууну талап кылганын маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышты. Расмий Киев Москванын андай талабын буга чейин эле кескин четке каккан.

14:23

Орусиянын Харьковдогу соккусунан беш киши каза болду, арасында бир жашар бала бар. Шаардын мэри Игорь Тереховдун маалыматына караганда, сокку көп кабаттуу үйгө тийди.

Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, каза тапкандардын арасындагы дагы бир бала - 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү урандыдан табылды. Чабуулдун кесепетинен 18 киши жараат алды, анын алтоо балдар. Уранды алдында дагы кишилер болушу мүмкүн, саны такталууда. Азыр беш киши дайынсыз деп изделип жатат.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргендей, сокку 18-августта таңкы саат 05:00гө чукул урулган. Анын кесепетинен турак жайдын биринчи, үчүнчү жана бешинчи кабатында өрт чыккан.

Түндө Терехов Харьковдо эл жашаган турак жайларга баллистикалык ракета тийгенин, алты көп кабаттуу үйдүн терезелери күбүлгөнүн, эки киши, анын ичинде 13 жашар кыз жараат алганын маалымдаган.

Одессада орус армиясы отун-энергетика объектисине жана эки кабаттуу имаратка сокку урганда катуу өрт тутанганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирген.

Жергиликтүү басылмалар "Жаңы почта" жана Азербайжандын SOCAR мамлекеттик компаниясынын терминалы бутага алынганын жазган, бул маалымат расмий тастыктала элек.

10:43

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын борбору Вашингтонго барды. Ал 18-августта Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен жолугуп, Аляскадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Вашингтондогу сүйлөшүүлөргө Британия, Италия, Германия, Франция, Финляндиянын президенттери, НАТОнун баш катчысы жана Еврокомиссиянын төрайымы катышат.

Сапар алдына Владимир Зеленский Брюсселге токтоп, Евробиримдиктин жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөргөн. Андан кийин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен кандай гана тынчтык келишими болбосун, анын башкы жыйынтыгы адамдардын өлүмүн токтотуу болушу керектигин билдирген.

Зеленский Фейсбуктагы баракчасындагы соңку билдирүүсүндө Трампка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, согушту эртерээк токтотууга кызыкдар экенин жазды. Украин президенти бул үчүн согушту баштаган Орусия токтошу керек экенин кошумчалады.

10:42

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Аляскадагы жолугушуу маалында Украинадагы согушту токтотуунун шарттарынын бири катары аннексияланган Крым жарым аралын Орусияныкы деп таанууну талап кылган. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. Анда Крымды Орусияныкы деп АКШ эле таанышы керекпи же Украина жана Европанын башка өлкөлөрү да дал ушундай шартка көнүшү керекпи, так айтылган эмес. Reuters сүйлөшүү маалында Путин Орусияга киргизилген санкциялардын кеминде бир бөлүгүн жокко чыгарууну да сунуш кылганын кабарлады.

Орус президенти сунуштаган вариантка ылайык, Херсон жана Запорожьедеги фронт сызыгынын учурдагы абалда сактап, ок атууну токтотуу үчүн Украина Донецк, Луганск облустарындагы аскер күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши керек. Расмий Киев мындай сунушка көнбөсүн, өз аймагынан аскерлерин чыгарбай турганын билдирди.

DeepState долбоорунун маалыматы боюнча, Орусия учурда Донецк жана Луганск облустарында 440 чакырым аймакты көзөмөлдөп турат. Ал эми Украина болсо Донбасстагы 6600 чакырым аймакты өз көзөмөлүнөн чыгара элек.

Аляскадагы сүйлөшүүлөр маалында Орусиянын жетекчилиги Украинанын айрым аймактарында орус тилине расмий макам берүүнү жана Орус православ чиркөөсүнүн ишмердигине тыюу салбоону да сунуштаган.

15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Анда Украинадагы согушту токтотуу маселеси сүйлөшүүнүн башкы күн тартибинде болду. Жолугушууну эки президент жемиштүү деп сыпаттаганы менен Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетише албаганын билдирди.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жана шарттары тууралуу 18-августта Украина жана Европанын бир нече лидери Вашингтонго барып, АКШ президенти Дональд Трамп менен талкуулашат. АКШ бийлигинин Орусия менен сүйлөшүүлөрүндө маанилүү ролду ойноп жаткан Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф CNN телеканалына маегинде Москва Украинанын беш аймагы боюнча "айрым чегинүүлөргө" макул болгонун, бул маселелер Вашингтондо Зеленский менен сүйлөшүүлөрдө талкууланарын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG