“Кыргызфильмдин” директору кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Акжолтой Бекболотов.

Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын директору Акжолтой Бекболотов жана башкы редактор Назым Мендебаиров кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акжолтой Бекболотов билдирип, бирок кызматтан алынганы тууралуу буйрук менен тааныша электигин айтты.

Акжолтой Бекболотов “Кыргызфильм” киностудиясына 2024-жылы сентябрь айында жетекчи болуп дайындалган. Ал бул кызматты 2020-жылы да аркалаган.

Июль айынын башында режиссер Бакыт Мукул Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйү каралбай калганын, “Кыргызфильмдин” жетекчилери жакшы иштебей жатканын айтып, видео жарыялаган.

“Кыргызфильм” студиясына 2002-жылы Төлөмүш Океевдин ысмы ыйгарылып. 2004-жылы улуттук деген статус берилген. “Кыргызфильмдин” катышуусунда толук метраждуу, кыска метраждуу, даректүү фильмдер тартылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Рязанда курал-жарак заводундагы жарылуудан каза тапкандар 11ге жетти Fox News Мелания Трамптын Путинге жазган катынын мазмунун жарыялады Индия, Пакистан, Непалда катуу жамгыр, суу ташкыны 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алдыЖеңиш чокусунда каза болгон альпинисттин сөөгү Караколго жеткирилди, эвакуация уланууда Президент Жапаров көл жээги таштандыга толуп кеткенин айтып, элди табиятты сактоого чакырды Кыргызстанда балдарды мектепке негизги каттоо аяктады