Трамп Путинге телефон чалып, Зеленский менен жолугушуу уюштурууну талкуулады

Трамп менен Зеленский Ак үйдө

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондо Украинанын президенти Влдаимир Зеленский жана бир катар европалык лидерлер менен жолуккан соң Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Трамптын маалыматы боюнча, ал сүйлөшүүдө Зеленский менен Путиндин тикелей жолугушуусун уюштуруу жөнүндө сөз болду. Дал ушул жолугушуудан соң Украина, Орусия жана Кошмо Штаттардын лидерлери катышкан үч тараптуу кездешүү өтүшү мүмкүн.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Трамп Путинге телефон чалганын ырастады. Ал эки президент Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүгө катышчу делегациянын деңгээлин көтөрүү тууралуу сөз болгонун кабарлады. Бирок кийинки сүйлөшүүгө Зеленский менен Путин катышарын тактаган жок. Буга чейин Стамбулда өткөн украин-орус сүйлөшүүлөрүндө делегацияларды Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы жана орус президентинин кеңешчиси жетектеген эле.

18-августтагы Ак үйдөгү жолугушуу учурунда Украинага коопсуздук кепилдигин берүү согушту токтотуу планынын бир бөлүгү катары каралганын Дональд Трамп билдирди. Анын айтымында, мындай кепилдикти Европа өлкөлөрү АКШ менен чогуу координациялап бериши керек.

Axios басылмасы өз булактарына таянып, Трамп Украина жана Орусиянын лидерлеринин жолугушуусун августтун аягына чейин уюштурууну көздөп жатканын жазды.

Ак үйдөгү жолугушуудан кийин маалымат жыйынында украин президенти Зеленский Украинанын коопсуздугуна кепил болчу өлкөлөрдүн катарына кошулууга АКШ да даяр экени жөнүндө Трамптын “ачык ишараты” болгонун билдирди. Ал коопсуздук кепилдигинин алкагында Европа өлкөлөрү Украинага АКШдан 90 миллиард долларга бааланган курал-жарак сатып алуу жөнүндө талкууланып жатканын кошумчалады.

Маалымат жыйында Франциянын президенти Эммануэл Макрон орус бийлиги Украинадагы согушту тынч жол менен жөнгө салууга даяр экенин күмөн санарын айтты. Француз лидери: “Путин тынчтыкты кааларынан күмөнүм бар. Анын башкы максаты Украинанын көбүрөөк аймагын басып алып, бул өлкөнү алсыздандыруу деп ойлойм”, - деди ал.

18-августта Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу өттү. Бул жолугушуудан соң украин президентине колдоо көрсөтүп, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони жана НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин катышуусунда Украинадагы согушту токтотууга арналган сүйлөшүү өттү.

Дагы караңыз

"Украинага согушка кетип кала жаздадым". Элчилик кыргыз жаранын куткарып калды Вашингтондо Дональд Трамп менен Владимир Зеленский жолукту