Украинанын аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, 19-августка караган түнү орус аскерлери дрон, ракеталар менен Полтава облусуна жапырт чабуул койду.
Облустук аскердик администрациясынын башчысы Владимир Когут билдиргендей, атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктары Кременчуг жана Лубенск райондорунда кулады. Энергетикалык ишканалардын имараттары жабыркаган.
Соккунун кесепетинен Лубенск районунда 1471 үй, 119 объект жарыксыз калды.
Кременчугдун мэри Виталий Малецкий Telegram каналына Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү учурунда орус армиясы «Кременчугга кезектеги жапырт чабуул койду» деп жазды.
«Шаарда ондогон жардыруулар болду, орус армиясы энергетикалык жана транспорттук инфраструктураны бутага алды», - деди ал.
18-августта Вашингтондо Зеленский менен Трамп жолугушкан. Ага удаа эле Трамп менен Зеленский Вашингтонго барган европалык лидерлер менен сүйлөшкөн.
Ак үйдөгү жолугушуу учурунда Украинага коопсуздук кепилдигин берүү согушту токтотуу планынын бир бөлүгү катары каралганын Дональд Трамп билдирди. Анын айтымында, мындай кепилдикти Европа өлкөлөрү АКШ менен чогуу координациялап бериши керек.
Axios басылмасы өз булактарына таянып, Трамп Украина жана Орусиянын лидерлеринин жолугушуусун августтун аягына чейин уюштурууну көздөп жатканын жазды.
Ак үйдөгү жолугушуудан кийин маалымат жыйынында украин президенти Зеленский Украинанын коопсуздугуна кепил болчу өлкөлөрдүн катарына кошулууга АКШ да даяр экени жөнүндө Трамптын “ачык ишараты” болгонун айтты. Ал коопсуздук кепилдигинин алкагында Европа өлкөлөрү Украинага АКШдан 90 миллиард долларга бааланган курал-жарак сатып алуу талкууланып жатканын кошумчалады.