"Хочу жить" Орусия согушка тарткан 628 тажик жаранынын тизмесин жарыялады

Орусиянын аскерлери

Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору 2025-жылдын алты айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн 628 тажикстандыктын ысымын жарыялады. Долбоор апрелде Орусия согушка азгырган 931 тажик жаранынын тизмесин чыгарган. Анын кеминде 196сы каза болгонун жазган.

"Хочу жить" Орусия Тажикстандын жарандарын согушка тартуу аракетин күчөткөнүн белгиледи.

Тажик бийлиги бул маалыматтар тууралуу расмий комментарий бере элек.

Быйыл майда Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин күч органдары орус паспортун алган 20 миң мигрантты "кармап", Украинага каршы согушка айдаганын билдирген.

"Хочу жить" мамлекеттик долбоору Украинанын Аскер туткундары боюнча маселелерди координациялоо штабына карайт. Долбоор Орусия тарапта согушкан аскерлерге, чет элдиктерге, Украинанын оккупацияланган аймактарынан мобилизация болгондорго украин тарапка коопсуз шартта колго түшүп берүүгө көмөктөшөт.

Буга чейин Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен, анын ичинде Кыргызстандан согушка азгырылгандардын тизмелерин жарыялаган.

Дагы караңыз

Украина: Полтава облусундагы соккудан кийин 1600дөй абонент жарыксыз калды "Алданып Украинага кетип кала жаздадым". Согушка азгырылган кыргыз жараны куткарылды