Маданият министрлиги Сулайман-Тоо боюнча мэрдин сунушуна жооп берди

Сулайман-Тоо.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Оштогу Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде жашылдандыруу иштерине жана жаңы курулуштарга тыюу салынганын, бардык өзгөрүүлөр ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык ишке ашарын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Сулайман-Тоо беш чокудан турат: Буура-Тоо, Шор-Тоо, Рушан-Тоо, Ээр-Тоо жана Кекилик учар. Тоонун капталдарында 400гө жакын петроглифтер жана байыркы жазуулар сакталган. Сулайман-Тоо музей комплексинде 33 миңден ашуун экспонат бар, алардын катарына археологиялык табылгалар, этнографиялык буюмдар жана кол өнөрчүлүк үлгүлөрү кирет.

Сулайман-Тоо 2009-жылы 26-июнда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген. ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган корук 134 гектарды камтыйт. Бул аймакта Ош турак жайы, Рабат Абдуллахан мечити, Асаф ибн Бурхия күмбөзү жана башка тарыхый эстеликтер жайгашкан.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Сулайман-Тоого 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 189 миңден ашык турист келгенин кошумчалады.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сулайман-Тоого барып, музейдин айлана-тегереги каралбай калганын, бул жерге бак-дарактарды тигип көрктөндүрүү зарыл экенин айткан. Ал президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Сулайман-Тоонун боорун мэрияга өткөрүп берүү сунушун берген. (BTo)

Дагы караңыз

"Хочу жить" Орусия согушка тарткан 628 тажик жаранынын тизмесин жарыялады Камчыбек Ташиев Даниел Ажиевдин жубайына батир, автоунаа бердиАлтынбек Абдыжапаровдун өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде комиссия түзүлдүТашиев абактарда “положенец”, “смотрящий” дегендер болбошу керектигин айттыИИМ оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салынарын эскерттиКасым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапары менен келетЭдил Байсалов көчөлөрдүн аталышы боюнча протоколго түшүндүрмө бердиЧолпон-Атада 24 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үч өспүрүм кармалды