Бишкекте 22 жаштагы жигит апасын өлтүрүүгө шек саналып кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы борбордо апасын өлтүрүүгө шек саналып кармалганын билдирди.

Райондук милициянын маалыматы боюнча, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, шектүү Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Kaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы жеке булагына шилтеме берип, окуя борбордун Манас жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кабат үйлөрдүн биринде болгонун, 49 жаштагы аял киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн жазды. (BTo)

Дагы караңыз

Бообек Ажикеевге генерал-лейтенант аскердик наамы ыйгарылдыУкраина: Полтава облусундагы соккудан кийин 1600дөй абонент жарыксыз калды Пакистандагы суу ташкыны: 20 кишинин сөөгү табылды, каза тапкандар 350дөн ашты "Хочу жить" Орусия согушка тарткан 628 тажик жаранынын тизмесин жарыялады Алтынбек Абдыжапаровдун өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде комиссия түзүлдүТашиев абактарда “положенец”, “смотрящий” дегендер болбошу керектигин айттыИИМ оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салынарын эскертти