Ош: Аялдарды коргогон “Ак жүрөк” имаратсыз калды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ошто 23 жылдан бери аялдарга колдоо көрсөткөн “Ак жүрөк” кризистик борбору имаратсыз калып, ага кайрылгандарды жайгаштыруу маселеси чечилбей турат. Алар ушул убакка чейин жайгашкан имарат башка бир мекемеге берилип, кризистик борборго көчүп кеткиле деген талап коюлган. Кризистик борбордун жетекчиси Дариха Асилбекова мамлекет колдоо көрсөтө уюмдун ишин улантууну көздөйт. Бирок зомбулукка кабылган аялдарды коопсуз жайга жайгаштыруу мүмкүн болбой турат.