Орусиянын армиясы 20-августта Украинанын Сумы жана Одесса облустарына сокку урду.
Украинанын Улуттук полициясы билдиргендей, Ахтырка шаарында жапырт дрон соккусунда 10дон ашык киши жараат алды. Көп кабаттуу үй, 13 жер там, чарбалык курулуштар жана гараж талкаланды.
Орус армиясы түндө Одесса облусуна да чабуул койду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына караганда, бир киши жараат алып, отун-энергетикалык объектиде өрт чыкты.
Өрттү өчүрүүгө 54 киши, 16 техника, өрт өчүрүүчү поезд тартылды. Бутага кайсы объект алынганын мекеме тактаган жок. Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер Измаилде инфраструктура объектилери жана өндүрүш имараттарына зыян келтирилгенин жазды.
Орусия тарап чабуулдар тууралуу комментарий бере элек. Согуш шартында тараптардын маалыматын көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн эмес.