"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
9-Майда Бишкектеги “Спартак” стадионунда Азия футбол конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында “С” тобундагы Кыргызстан менен Бангладештин футболчулары беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Премьер-министр Игорь Чудинов --> /rubrics/economics/ky/2008/04/414C73A5-BE51-47CF-B68E-47FC5020B3D7.asp өлкөдөгү аба майданындагы учактарды кайрадан каттого алуу тууралуу токтомго кол койду. Токтомдо заводдон чыкканына 30 жылдан ашкан өлкөдөгү учактар учур талабына жооп бербестигин текшерүүдөн өтүп, учуусуна тыюу салынаары айтылган. Себеби Европа Биримдиги Кыргызстанда катталган 27 авиакомпанияга өз аймагынан учуп өтүүгө тыюу салганы ушундай кадамга барууга аргасыз кылгандыгын адистер айтышууда.
7- майда кечинде Бишкектеги “Спартак” стадионунда Азия футбол --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/700BD3CC-83CB-44F3-B489-EC48233D3C49.asp конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында “С” тобундагы Ооганстан менен Кыргызстандын командалары беттешип, оогандык футболчулар 1:0 эсебинде жеңишке жетишти.
5-майда кечиндеги нөшөрлөп жааган жамгырга карабай Бишкектин “Спартак” стадионунда Азия футбол конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында “С” тобундагы Ооганстан менен Бангладеш өлкөлөрүнүн футболчулары беттешти.
5-майда Жапониянын Каназава шаарынан кыргызстандык оор атлетчи балбандар күйөрмандарды сүйүнткөн кубанычтуу кабар менен кайтып келди. Мында 23-апрелде башталган оор атлетика боюнча Азиянын чемпионаты 4-майда жыйынтыкталды. Быйылкы Азия биринчилигинин өзгөчөлүгү командалык эсепте бешинчи орунга чейин ээлеген өлкөгө Бээжин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/568F26A6-E5D9-49B8-BEB3-12F70CC47814.asp олимпиадасына жолдомо ыйгарылды. Кыргызстандык эки жигит коло байге утуп, калган балбандар дагы упай топтоо менен командалык бешинчи орунга илингендиктен Бээжинге бир жолдомо берилди.
Польшанын Варшава шаарынан кыргызстандык спорт күйөрмандарынын сүйүнткөн кабар келди. Мында эркин күрөшү боюнча жеңүүчүлөргө Бээжин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/1E76760E-9A4B-4621-9271-89A03C23FF98.asp олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык Гран-при мелдешинде Кыргызстандын намысын коргогон балбан Арсен Гитинов мөрөй алуу менен Бээжинге 14-жолдомону утуп алды.
Ар жыл сайын Евразия футбол жумалыгынын алкагында өлкөнүн “Атайын олимпиада” коомдук бирикмесинин демилгеси менен акыл эсинин өнүгүүсү кечеңдеген балдар арасында футбол мелдешин өткөрүү салтка айланып баратат. Мелдеш Бишкектеги "Көкжар" футбол борборунда өттү.
30-апрелде Түштүк Кореянын Деджу шаарынан кыргызстандык спорт күйөрмандарынын сүйүнткөн кабар келди. Мында дзюдо күрөшү боюнча Азия чемпионатында арбын упай топтогон кыргызстандык эл аралык спорт чебери Елена Проскураковага Бээжин олимпиадасына жолдомо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/673775BE-ED54-4F5E-9359-DE5F59E5C839.asp ыйгарылды.
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Cоветтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Салтка айланган бул мелдеште Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын тандалган 132 спортчусу күч сынашты.
Кечээ 26-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту өлкөнүн архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбековдун --> http://www.azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/03/6B81EE6A-4EF5-4810-820C-9E31F5BD72B4.asp камакка алынышы боюнча санкцияны карап, аны убактылуу тергөө абагында 10 күн кармоо чечимин чыгарды. Ишенбай Кадырбеков камалганга чейин «Азаттык» үналгысына берген маегинде ага карата бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын белгилеп, бул иштин артында саясий коркутуп-үркүтүү жатканын билдирген. Аны камакка алган Каржы полициясы эч кандай саясий негиз жоктугун билдирген.
Бүгүн 24-апрелде Бангкокто фехтование боюнча Азиянын чемпионатынын таймашуулары башталат. Бангкоктон кыргызстандык спорт күйөрмандарынын сүйүнткөн кабар келди. Мында Азия чемпионатына чейин Бээжин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/2E0E2713-1892-4D65-B528-0CF0CBA318C8.asp олимпиадасына жолдомо берилүүчү эл аралык мелдеш болуп, шпага боюнча Кыргызстандын намысын коргогон Сергей Кочурин баш байгени утуп, алтын медаль тагынуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.
Жогорку Кеңеште Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорунун кабыл алынышына автобизнес ишкерлери нааразы. Адам укуктарын басмырлаган мындай мыйзам боюнча өкмөт чечим кабыл алса оң рулдуу автоунаалар кошуну нааразычылыгын билдирүүгө ниет кылышууда.
Бээжинде өтө турган олимпиада оюндарга кыргызстандык спортчулар учурда 11 жолдомо жеңип алган болсо, учурда алардын экөө жеңил атлетчилер. Экөөнүн бири жеңил атлетика боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону, 14-Азия оюндарынын чемпиону, Бээжин олимпиадасынын жолдомо ээси Татьяна Ефименко.
Кечээ 19-апрелде түнү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда панкратион федерациясынын мүчөсү Камчыбек Осмоновдун жаркын элесине арналган эрежесиз эр кармаш боюнча эл аралык мелдештин таймаштары жыйынтыкталды. Бул панкратион мөрөй талашына Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын балбандары эки күн күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ошондой эле эрежесиз кармаш боюнча Азиянын абсолюттук чемпиону үчүн күч сынашууда «Дордой-Жакып» спорт клубунун балбаны Акун Алмаз жеңишке жетти.
17-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргызстанга оң рулдуу --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/11430F02-80E8-4EF9-A94D-1A35E053649B.asp унааларды алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынып, эл депутаттары бул маселени колдоп беришти. Бул мыйзам боюнча өкмөт чечим кабыл алса, оң рулдуу автоунаалар кошуну нааразычылыгын билдирүүгө ниет кылышууда.
Кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан электртармагын менчикке берүүнүн, баалардын өсүшү, кыргыз-казак чек арасындагы талаштуу маселенин жана Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга 49 жылга ижарага берүүнү тегерегиндеги “Азаттык” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2721B235-BBAD-4A75-93AF-2302846EC56C.ASP үналгысынын кабарчысы Кабыл Макештин айрым суроолоруна эркин журналист, экономист жана ишкер Кытайбек Романов жооп берди.
Бүгүн 16-апрелде кечинде Тайвандын Тайпей --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/AEB1961B-1327-43E7-ABF5-9355F25E9E78.asp шаарында Азиянын Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган мелдеште Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы экинчи атаандашы Камбоджанын чемпиону «Нагакорп» командасын 2:0 эсебинде утуп, өз тобунда биринчи орунду ээледи.
Өткөн жумада Бээжинде 205 өлкөнүн улуттук олимпиада комитеттеринин жетекчилери Эл аралык олимпиада комитетинин Конгрессине катышып, олимпиадага даярдыктар, имараттар менен таанышты. Бул Конгрессте кандай маселелер каралды? Бээжин олимпиаданы кабыл алууга даярбы? Кыргызстандык спортчулардан кимдер Бээжинде ийгиликке жетүүсү ыктымал? Бээжинде Кыргыз мамлекетинин олимпиадалык үйү, маданият күндөрү болобу? Кыргызстандык спортчулардын олимпиадага даярдыгы неге начар болууда? Спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макештин мына ушул сыяктуу суроолоруна Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов жооп берген.
Кечээ 14-апрелде кечинде Тайвандын Тайпей шаарында Азиянын Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган мелдеште Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы негизги атаандашы Тайпейдин “Тайвань Пауэр” командасын 3:0 эсебинде утуп, өз тобунда лидер болду.
Учурда дүйнө коомчулугунун көңүлүн Бээжинде өтө турган олимпиада оюндары жана дүйнөнүн 20 өлкөсүн аралап эстафеталык жүрүш менен кыдырып бараткан олимпиада оту буруп турган учур. Олимпиада оту биздин замандагы олимпиадалык оюндардын салттуу жөрөлгөсү жана расмий белгиси.
Дагы жүктөңүз