15-августка караган түнү Орусиянын Курск шаарында он кабаттуу үйгө тийген дрондон имараттын төрт кабаты өрттөнүп, бир киши каза таап, он киши жараат алды. Маалыматты облустун губернаторунун милдетин аткарып жаткан Александр Хинштейн ырастады. Бул күнкү соккулардан Курск облусунда ондон ашуун имарат, арасында мектеп, бала бакча, оорукана жабыр тартканы кабарланды.
Украин армиясынын пилотсуз истребителдери, дрондору Самарадагы мунай иштетүүчү ишканага, Белгород, Самара, Тамбов, Волгоград облустарындагы курулуштарды бутага алганы кабарланды. Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү 53 украин дрону асманда жок кылынганын билдирди.
Украинанын Коргоо министрлиги орус армиясы өткөн түнү эки баллистикалык ракета, 97 дрон менен чабуул койгонун, 64 дрон атып түшүрүлгөнүн, калган соккулар 13 райондо жоготуу, кыйроого алып келгенин маалымдады.
Украинанын президенти Зеленский соцтармактарга туткундан бошотулган адамдардын сүрөттөрүн жарыялады, 84 кишинин арасында аскер адамдары, жай тургундар да бар. Алардын айрымдары 2014, 2016, 2017-жылдары туткундалса, тизмеге кийин Мариуполду коргоого катышкандар да кошулду. 51 аскер эмес адамдар арасында медиктер, саясий көз карашы үчүн кармалгандар, аялдар да бар.
Орусия бошотуп алгандар арасында Крымдын мурдагы ички иштер министринин орун басары Николай Федорян бар экенин украиналык маалымат каражаттары кабарлашты. Ал Украинада мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн 12 жылга абакка кесилген.
Соңку айларда Орусия менен Украина бир нече жолу туткундарды айырбаштады, андай тизмеге оор жарадар болгондор, оорулуулар, өлгөндөрдүн сөөктөрү да киргизилди. Бул жараяндар эки өлкөнүн расмий делегациялары Стамбулда 23-июлда жолуккандан кийин ишке ашырылды.
Евробиримдиктин лидерлери жана АКШ президенти менен өтө турган онлайн саммитке катышуу үчүн украин лидери Владимир Зеленский Берлинге барды. Вашингтон бир аздан кийин Трамп онлайн режимде бул саммитке кошулаарын ырастады. АКШ президенти Зеленский менен өзүнчө сүйлөшөөрү да белгиленген.
Украинадагы согушту токтотуу жолдорун талкуулай турган 15-августтагы АКШ-Орусия президенттеринин жолугушуусун утурлай буга чейин Евробиримдик лидерлери Зеленский менен өзүнчө сүйлөшкөн. Анда макулдашылган шарттарды Трамп менен талкуулаган соң Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Владимир Зеленский Берлинде биргелешкен маалымат жыйынын өткөрөөрү белгиленген.
13-августка караган түнү Орусия менен Украина бири-бирине каршы ондогон дрондорду учуруп, жарандык объектилерди, өнөр жай ишканаларын бутага алышты.
Орусиянын Волгоград шаарында асманда атылган дрондун сыныктары 16 кабаттуу турак жайдын чатырына куласа, Белгороддо соттун имаратына түштү. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтылган жок. Орусиянын коргоо министрлиги өткөн түнү алты региондо Украинанын 46 дронун атып түшүргөнүн билдирип, канчасы бутага тийгенин тактаган жок.
Украин армиясы 13-августка караган түнү орустардын 49 дрону асманда жок кылынып, 15и максатына жеткенин кабарлады. Жоготуулар тууралуу маалымат тактала элек.
АКШнын Аляска штатында 15-августта өтө турган Украинадагы согушту жөнгө салуунун жолдору талкууланчу АКШ-Орусия саммити алдында эки тарап аба соккуларын улантууда