Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Министрлик мал-жандыкты экспорттоо азайганын билдирди


Кыргызстандагы мал базарлардын бири. Архив.
Кыргызстандагы мал базарлардын бири. Архив.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги быйыл 2024-жылга салыштырмалуу мал-жандыктын экспорту азайганын кабарлады. Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан жалпы 30 миң 493 баш ири мүйүздүү мал, 31 миң 781 кой-эчки жана 1 636 жылкы сыртка чыгарылган.

Ал эми 2024-жылдын 7 айында өлкөдөн 77 миң 907 ири мүйүздүү мал, 70 миң 392 кой-эчки жана 5 113 жылкы экспорт болгон.

Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен ири мүйүздүү малды, жылкыны жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордо эттин баасын 620-690 сомго чейин деп бекитти.

11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG