Кыскача таржымал:
- Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго барды. Ал 18-августта Ак үйдө президент Дональд Трамп менен жолугушат. Европанын лидерлери да Вашингтонго Зеленскийди колдоо максатында бара турганын жарыялаган.
- Зеленский сапар маалында Украинанын келечеги үчүн маанилүү болгон, бирок азырынча белгисиз болуп турган коопсуздук кепилдиктери тууралуу маалымат алганы жатат.
- Жолугушууну утурлай, жекшембиде Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө: "Зеленский кааласа Орусия менен согушту дароо токтото алат же уланта алат", - деп жазды.
Зеленский&Трамп жолугушуусу
Зеленский АКШнын борбору Вашингтондо 18-августта Трамп менен жолугуп, Аляскадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын талкуулаганы турат.
Зеленскийдин сапарын утурлай 17-августта АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн баракчасына билдирүү жайгаштырып, согушту токтотуу үчүн украин президентине оор чечимдерди кабыл алууга туура келерин кыйытты.
"Зеленский кааласа Орусия менен согушту дароо токтото алат же уланта алат. Баары кантип башталганын эстегиле. Обама берип койгон Крым кайтарылбайт (12 жыл мурда бир ок атуусуз!) жана Украина НАТОго кирбейт. Айрым нерселер эч качан өзгөрбөйт!!!" — деп жазды ал өзүнүн Truth Social түйүнүнө.
Трамп согушту токтотуу үчүн Украина кайсы бир аймактарынан баш тартууга туура келерин ишарат кылууда. Мындай шарт катары Украина буга чейин Орусия аннексиялаган Крымдан жана НАТОго кошулуудан баш тартышы керек болорун билдирүүдө.
Вашингтонго жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 22:30дар чамасы жеткен Зеленский Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жарыялап, чакыруу үчүн Трампка ыраазычылык билдирди. Ал Крымды Украина аргасыздан колдон алдырганын эске салып, Трамптын соңку билдирүүсүнө түз комментарий бербеди.
"Баарыбыз бул согушту тез арада жана ишенимдүү токтотууну каалайбыз. Тынчтык да узак болушу керек. Көп жыл мурдагыдай эмес... Украинаны Крымдан жана Донбасстын бир бөлүгүнөн баш тартууга мажбурлап, Путин муну жаңы чабуулдар үчүн плацдарм катары колдонгон. Украинага 1994-жылы "коопсуздук кепилдиги" берилип, иштеген эмес. Украиндер өз жери, өзүнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жатат. Азыр биздин күчтөр Донецк жана Сумы облустарында ийгиликке жетишүүдө. Мен Украина корголуп, коопсуздугуна натыйжалуу кепилдик берилет деп ишенем, биздин эл дайыма президент Трампка, бардык америкалыктарга, ар бир өнөктөшкө колдоо жана баа жеткис жардам үчүн ыраазы. Орусия өзү баштаган согушту өзү токтотушу керек. Мен биздин Америка, Батыштагы боордоштор менен биргелешкен күчүбүз Орусияны чындап тынчтыкка келүүгө мажбурлайт деп үмүттөнөм", - деди Зеленский.
Жолугушуу кандай маанайда өтөт?
Трамп менен Зеленский жана Европа лидерлеринин жолугушуусу кандай өтөт деген суроо кызыгуу жаратууда. Анткени эки президенттин Трамп бийликке келгенден бери быйыл 1-мартта Вашингтондо өткөн алгачкы сүйлөшүүсү курч кайым айтышуу менен аяктаган.
Саясий эксперт, буга чейин Минск сүйлөшүүлөрүндө Украинанын атынан катышкан Сергей Гармаш Украина үчүн кайсы бир аймактарды өткөрүп берүү кабыл алынгыс план экенин айтууда.
"Бул жолугушуу Украина үчүн негативдүү бүтөт деп ойлобойм. Путин каалап жаткан жана Трамп бир нече айткан, Зеленский кабыл алышы керек деген Донецк облусунан аскерлерди чыгаруу шарты ишке ашпаган план. Зеленский муну кааласа да ишке ашыра албайт. Украинанын Баш мыйзамы өз аймагын башка өлкөгө өткөрүп берүүнү караган механизмди ишке ашырууга жол бербейт. Мен бүгүн тааныш аскерлерге чалып, ушул тема боюнча сүйлөшүп көрсөм, бирөө да мындай план каралбай турганын айтты".
АКШга барардан мурда Владимир Зеленский Брюсселге токтоп, Евробиримдиктин жетекчилиги менен жолугушкан. Андан кийин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен кандай гана тынчтык келишими болбосун, анын башкы жыйынтыгы адамдардын өлүмүн токтотуу болушу керектигин билдирген.
Зеленскийди Батыш лидерлери эмнеге коштоп барды?
Британия, Италия, Германия, Франция, Финляндиянын президенттери, НАТОнун баш катчысы жана Еврокомиссиянын төрайымынын Вашингтондогу сүйлөшүүлөргө барышы алардын тынчтык келишимин Украинанын катышуусуз түзбөө, коопсуздукка ишенимдүү кепилдик берүү тууралуу позициясын бекемдеп, Трампка Украина менен Европа бир экенин туюнтуу катары бааланууда.
Вашингтондогу жолугушууга Зеленскийди Европадагы беш өлкө лидери, НАТО жана Евробиримдиктин жетекчисинин коштоп баруу чечимин Стенфорд университетиндеги Гувер институтунун илимий кызматкери Сергей Санович төмөнкүчө баалады:
"Европалыктар бул процесстен тышта калуудан чочулап жатышат. Анткени, бул жолугушуу чынында маанилүү нерсе. Европалыктар көпкө чейин аракеттенбегени менен көп нерсени түшүнүштү. Алар коопсуздукка чыгымдарды көбөйтүп, аскердик курал-жарактарды көбүрөөк чыгара баштады. Ошондуктан, европалыктар үчүн соңку процесстер маанилүү".
Коопсуздук келишими, Трамптын сунушу
Буга чейин Трамп Москва менен тынчтык келишимине жетишилген учурда Украинага жамааттык коргонуу жөнүндөгү НАТОнун бешинчи беренесиндей коопсуздук кепилдигин сунуштаганы айтылган. The Telegraph гезити Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин жазган кабарга караганда, бул кепилдикте эгерде жаңы согуш тутанса, кепил болгон мамлекеттер агрессорго куралдуу жооп кайтарат дегенди түшүндүрөт.
Telegraph жазганына караганда, Вашингтондун сунушуна ылайык мындай кепилдикти Украина бир гана АКШдан эмес, Европадагы башка өнөктөштөрдөн да алат. Москва буга макул экени кабарланууда.
2022-жылы мындай кепилдиктер Москва менен Киевдин ортосундагы тынчтык келишиминин долбооруна киргизилген. Анын баштапкы вариантына ылайык, АКШ, Орусия, Улуу Британия, Франция жана Кытай кепил мамлекеттер катары тизмеге кошулушу керек эле. Киев Түркияны, ал эми Москва Беларусту кошууну каалаганын Foreign Affairs журналы жазды.
Маалымат каражаттары 15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында өткөн Трамп менен Путиндин жолугушуусунда талкууланган маселелер тууралуу жазып чыгышты.
Анда Украинадагы согушту токтотуу маселеси сүйлөшүүнүн башкы күн тартибинде болгон. Жолугушууну эки президент жемиштүү деп сыпаттаганы менен Трамп Украинадагы согуштуу токтотуу боюнча келишимге жетише албаганын билдирген. Үч саатка созулган жолугушууларда тараптар кандай шарттарды ортого салганы толук ачыкталган эмес.
Reuters агенттиги 17-августта өз булактарына таянуу менен Анкориждеги жолугушууда Путин Украинадагы согушту токтотуунун шарттарынын бири катары аннексияланган Крым жарым аралын Орусияныкы деп таанууну талап кылганын жазды. Анда Крымды Орусияныкы деп АКШ эле таанышы керекпи же Украина жана Европанын башка өлкөлөрү да дал ушундай шартка көнүшү керекпи, так айтылган эмес. Reuters сүйлөшүү маалында Путин Орусияга киргизилген санкциялардын кеминде бир бөлүгүн жокко чыгарууну да сунуш кылганын кабарлады.
Орус президенти сунуштаган вариантка ылайык, Херсон жана Запорожьедеги фронт сызыгынын учурдагы абалда сактап, ок атууну токтотуу үчүн Украина Донецк, Луганск облустарындагы аскер күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши керек. Расмий Киев мындай сунушка көнбөсүн, өз аймагынан аскерлерин чыгарбай турганын билдирди.
DeepState долбоорунун маалыматы боюнча, Орусия учурда Донецк жана Луганск облустарында 440 чарчы чакырым аймакты көзөмөлдөп турат. Ал эми Донбасста украин армиясы Орусия көз арткандан 15 эсе чоң аймакты - 6600 чарчы чакырым аймакты коргоп турат.
Аляскадагы сүйлөшүүлөр маалында Орусиянын жетекчилиги Украинанын айрым аймактарында орус тилине расмий макам берүүнү жана Орус православ чиркөөсүнүн ишмердигине тыюу салбоону да сунуштаган. Расмий Киев мындай сунушка макул болбосун буга чейин эле айтып келе жатат.
Анкориждеги сүйлөшүүнүн алдында да Трамп “жер алмашуу” болушу ыктымал экенин сөз кылган. Бул ок атышууну токтотуу же башка шарттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн Орусия басып алган украин аймактарын таануу дегенге барабар болмок. Зеленский муну өз өлкөсү үчүн “кызыл сызык” деп сыпаттаган.
Трамп администрациясы Европанын Украинадагы согушту жөнгө салуудагы ролун төмөндөтүп келгени белгилүү. Муну эске салган айрым европалык жетекчилер Аляскадагы саммит “экинчи Мюнхен келишими” болуп калбайбы деп чочулап турушкан. Тарыхта 1938-жылкы Мюнхен келишими Батыштагы союздаштардын Гитлердин баскынчыл аракеттерине жол ачып бергендей сыпатталып жүрөт. Айрымдар Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССР лидери Иосиф Сталиндин, АКШ президенти Франклин Рузвельттин жана Британиянын премьер-министри Уинстон Черчиллдин Европаны өз ара бөлүшүп алышына жол ачкан “кезектеги Ялта жолугушуусу” болуп калбаса экен деп да тынчсызданып турушкан.
Аляскада жер алмашуу тууралуу эч кандай жарыя болгон жок. Ошол эле маалда Трамп эскертип келгендей, АКШнын Орусияга каршы жаңы жазалоочу санкциялары да жарыяланбады.
“Жакшы эч нерсе болгон жок, жаман нерсе да болбоду. Украинаны сатыкка койгудай экинчи Мюнхен же экинчи Ялта да болгон жок”, - деп айтты Би-Би-Сиге АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Уильям Тейлор.
Шерине