Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Эркин күрөш (U-20): Акылбеков дүйнө чемпионатында күмүш медал алды


Адилет Акылбеков.
Адилет Акылбеков.

Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча 74 кг салмакта Адилет Акылбеков күмүш медал алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ал финалдык беттеште орусиялык спортчу Исмаил Ханиевге 11:0 эсебинде утулуп калды.

Муну менен Адилет Акылбеков жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында эркин күрөштөн күмүш медал уткан үчүнчү кыргызстандык болуп калды. Ага чейин Уларбек Тууганбай уулу (1997-жылы) жана Хуршид Парпиев (2016-жылы) күмүш тагынган.

Болгариянын Самоков шаарында жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. 19-августта Аскат Токтоматов менен Элнур Акыбаев килемге чыгат. Андан тышкары кыз-келиндер күрөшүнөн Дилназ Абдыкадырова, Асема Анаркулова, Гүлнура Таштанбекова, Кайыркүл Шаршенбаева, Айжаркын Жаныбекова күрөшөт. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG