Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:03

Кыргызстан интернет жеткирүүгө эмнеге монополия киргизди?


Кыргызстанда эл аралык интернет трафигине мамлекеттик монополия киргизилди. Интернетти жеткирүү, таратуу жана трафиктин транзитине жалгыз укук “Элкат” мамлекеттик компаниясына берилди. Бул өлкөгө эмне берет?

Башка операторлор мындай чечим күтүүсүз болгонун айтышууда. Адистер Бишкек интернети эркин эмес деп саналган кошуналарынын жолуна түшүп баратканын белгилешти.

Эл аралык интернет-трафикти Кыргызстанга алып келүү жана башка мамлекеттерге өткөрүү боюнча мамлекеттик монополия 15-августта иштей баштады. Бул күнү президент Садыр Жапаровдун июлдун соңунда кол койгон “Мамлекеттик компанияларды натыйжалуу башкарууну уюштуруу жана санариптик жана телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгы күчүнө кирди.

Документке ылайык, эл аралык интернет трафикти жеткирип келген байланыш операторлору эки айдын ичинде тиешелүү келишимдерин монополистке айланып жаткан “Элкат” мамлекеттик компаниясына өткөрүп бериши керек. Мындай режим кеминде 2026-жылдын 14-августуна чейин уланат. Өлкө бийлиги чечим “туруктуу технологиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү” үчүн кабыл алынганын түшүндүрдү. Анда маалыматтарды берүү тармагындагы иштерди иретке салуу аракети тууралуу да айтылат.

“Божомолдоо кыйын”

Кыргызстанда сырттан келген трафикти монополия кылуу боюнча сөздөр буга чейин да болуп келген. Өткөн он жылдыкта бул маселе көтөрүлүп, бирок коомдун кызуу сынынан улам кабыл алынган эмес. 2024-жылы күзүндө “Кыргызтелеком” мамлекеттик байланыш оператору өзүн эл аралык интернет трафигинин транзитине жалгыз жооптуу болууну сунуштап, четке кагылган. 2025-жылы толук монополияны киргизүү демилгесин эч ким көтөрбөгөнү менен, соңунда мамлекет башчысынын жарлыгы аркылуу ишке ашып отурат.

Өткөн жылы трафик транзитине монополия киргизүү тууралуу сөз болгондо Байланыш операторлору ассоциациясы буга каршы чыгып, мындай эксклюзивдүү укук “Кыргызтелекомго” бериле турган болсо, бир катар мыйзамдын талаптары бузуларын көрсөтүшкөн. Монополист макамы “Элкатка” берилген соң ассоциация кандайдыр бир сын айтуудан карманып турат. Уюмдун жетекчиси Салават Ормошев билдиргендей, мындай чечим күтүүсүз болду жана провайдер компаниялар менен талкууланган эмес. Ормошев президенттин жарлыгынын кесепеттерин алдын ала божомолдоого батынган жок.

“Кабыл алынган жарлык боюнча кандайдыр бир божомолдорду айтуу өтө кыйын. Мен эч кандай божомол бере албайм, анткени азыр бардык жоопкерчилик ошол компанияда (ред: - “Элкатта). Ал жакшы баа саясатын жүргүзүп, башка операторлордун азыркыдай наркын кармап же андан да төмөндөтүшү керек. Себеби алар сатып алууларды борборлоштурулган түрдө жүргүзүшөт. Экинчиден – техникалык камсыздоо. Техникалык кызматташуу да толугу менен алардын жоопкерчилигинде”.

Ормошевдин айтымында, байланыш операторлору “Элкат” менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Монополист аларга ички трафиктин баасы болжол менен 30% арзандатууну убадалаган.

Коңшу өлкөлөрдөгү монополия: ким утту жана ким зыян тартты?

Кыргызстан бул аймакта тышкы трафикке мамлекеттик монополия киргизген биринчи өлкө эмес. Коңшу өлкөлөр коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын себеп катары көрсөтүп, бул жолго бир нече жыл мурда эле түшкөн. Эксперттердин баамында, мындан байланышка кымбат төлөп, сапатсыз интернет алган керектөөчүлөр зыян тартты. Ал эми мамлекет контентти көзөмөлдөөнү колго алып, бул кырдаалда уткан тарап болду.

Евразиялык санарип фондунун юридикалык практика бөлүмүнүн жетекчиси, казакстандык эксперт Елжан Кабышев Астана интернет каналдарды борборлоштуруп, көзөмөлдү толук колго алганын жана мындай шартта “жагымсыз” маалыматтарынын “түтүгүн жаап коюуга” мүмкүнчүлүгү бар экенин айтууда. Коңшу өлкөдө интернет байланышына иш жүзүндө мамлекеттин көзөмөлүндөгү “Казахтелеком” ишканасы ээлик кылат. Бирок өкмөттүн интернет ресурстарын бөгөттөөдө кеңири ыйгарым укуктары бар.

Кабышев интернет-трафик бир же саналуу эле колдо болгондо, мамлекетке контентти иргеп туруу алда канча оңой болорун белгиледи.

“Ири оператор “Казахтелеком” компаниясы өзүнүн түйүндөрү жана туунду компаниялары аркылуу өлкөнүн магистралдык трафигин толугу менен монополия кылып алган. Freedom House уюмунун маалыматына ылайык, “Казахтелеком” негизги бөлүгү backbone-инфраструктураны, ал эми мамлекеттик техникалык кызмат (ред: бул мекеме Улуттук коопсуздук комитетине карайт) өлкө ичинде интернет трафигинин алмашуу түйүндөрүн жана эл аралык тармакка чыгуу шлюздарын көзөмөлдөйт. Мындан тышкары 2017-жылы бизде мыйзам жүзүндө “маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу” үчүн чет өлкөлөр менен интернет-трафик алмашуу түйүндөрүн башкаруу боюнча мамлекеттик монополия киргизилген. Мындай шартта бир буйрук берилсе, бардык провайдерлер белгилүү бир сайтты же сервисти дароо жапырт бөгөттөй башташат”, - деди юрист.

2010-жылдардын аягында Казакстанда айрым интернет-ресурстарды бөгөттөгөн учурлар болгон. Алар негизинен өкмөткө каршы нааразылык акциялары учурунда же оппозициялык активисттер митингдерин жарыялаган күндөрү орун алган. 2022-жылдын башында башаламандыкка жана кандуулукка алып келген “Кандуу январь” окуяларында өлкөдө интернет толугу менен өчүрүлгөн (Өкмөт өз аракеттерин өлкөгө кол салган “террорчуларга” каршы күрөшүү менен түшүндүргөн, бирок сырттан кол салуу болгонун тастыктаган далилдер берилген эмес).

Соңку жылдары өлкөдө интернетти чектөөнүн кыңыр, мисалы, веб-баракчалардын ачылышын жайлаткан троттлинг ыкмасы колдонулуп келет.

“Коопсуз интернет” боюнча билдирүүлөр чыныгы максат эмес, популизм”

Тажикстанда 2018-жылы өлкөгө интернет жеткирүүгө жооптуу Бирдиктүү коммутациялык борбор түзүлгөн. Жергиликтүү операторлорго трафикти бир гана “Точиктелеком” мамлекеттик операторуна караштуу ушул борбордон сатып алуу милдети коюлган. Бул демилгени көтөргөндөр чечимди “улуттук коопсуздукту” камсыз кылуу менен байланыштырышкан.

Мамлекет муну менен өлкөнү жана жарандарды коркунучтан канчалык сактап калганы белгисиз, бирок интернетке кошулууда альтернативасы жок калган колдонуучулар ылдамдыгы жай, баасы кымбат трафикке көнүүгө аргасыз болуп калды.

“Кызмат көрсөтүүнүн сапаты начарлады, баалар өстү. Мындан баары: интернетти өзүнүн жеке максаттарына пайдаланган катардагы колдонуучудан баштап, компаниялар, уюмдан жана мамлекеттик мекемелер да жабыр тартты. Ошондой эле мамлекеттин имижине да зыян берди. Анткени интернет менен байланыштын сапатынын начарлашынын артында мамлекеттик мекемелер турарын баары билишет, - деди санарип технологиялар боюнча тажикстандык эксперт Рустам Гулов.

Speedtest сайтынын 2025-жылга алынган маалыматы боюнча Тажикстан интернеттин ылдамдыгы жагынан Борбор Азияда эң артта калууда. (Балким, Түркмөнстан эң ылдыйда болушу мүмкүн, бул өлкөдөгү маалымат эл аралык рейтингде көрсөтүлгөн эмес)

Гулов мамлекет монополия орнотуу менен чектелбей, “жагымсыз контенттерди” бөгөттөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтип жатат жана мындай кадамдардын негизги себеби – экономикалык абал.

“Монополия айрым ресурстарды борборлоштурулган шартта бөгөттөөгө мүмкүндүк бергени менен ресурстардын ээлери каршы аракеттерди көрөт. Ошентип мындай чектөөлөр да көптөгөн көйгөйлөр менен коштолот. Интернет берүүдө жалгыз түйүндүн болушу байланышты толугу менен жапырт өчүрүүгө шарт бар дегендик. Бирок мындай учурлар үчүн Тажикстанда азыркыга чейин иштеп келе жаткан Бирдиктүү коммутациялык борбор сыяктуу бир ишкана түзүлөт. Монополиялар көбүнчө экономикалык мүнөздө жана алардын максаты – атаандаштыкты жок кылып, болушунча көп киреше табуу. Ошондуктан, эгер сөз мамлекеттик монополияны түзүү жөнүндө болсо, “коопсуз интернет” тууралуу билдирүүлөр көбүнчө популизм, чыныгы максат эмес”, - деди эксперт.

2023-жылы Дүйшөмбү монополияны алсыратмак болуп, дагы эки операторго тышкы трафикти сатууга лицензия берген. Шарт боюнча алар “Точиктелекомдун” талаптарын аткарууга милдеттендирилген.

Тажикстанга удаа эле Өзбекстан да бул багытта монополияны жумшартууга киришти. Чынында, ал бир аз башкача болду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2024-жылы 3-июнда кол койгон жарлыкка ылайык, 2025-жылдын башынан тарта сыноо катары телеком-провайдерлерге эл аралык интернет каналдарга түз туташууга уруксат берилди. Мында маалыматтык жана киберкоопсуздук, ошондой эле ыкчам иликтөө чараларын эске алуу талабы коюлган.

2025-жылдын жарымындагы абалды карасак, Uztelecom өлкө сыртындагы трафиктин каналын дале көзөмөлдөп турат, монополия расмий жоюла элек. Учурда кайсы бир жеке менчик провайдер эл аралык каналдарга түз туташканы боюнча далилдүү маалымат жок. Операторлордун баары монополист аркылуу иш алып барышууда.

Freedom House уюмунун Freedom of Net-2024 баяндамасында Борбор Азияда интернет боюнча жалгыз Кыргызстан гана “жарым-жартылай эркин” болуп калды. Бул баяндаманы даярдоодо негизги факторлор катары интернетке кирүүгө тоскоолдуктун болушу же болбошу, контентке жетүүнү чектөө жана колдонуучулардын укуктарын бузуу сыяктуу жагдайлар каралат. Эл аралык трафикке мамлекеттик монополияны киргизүү Бишкектин бул позициясына олуттуу таасир этиши мүмкүн.

Freedom House Казакстан менен Өзбекстанды интернет боюнча “эркин эмес” мамлекет деп санайт. Тажикстан менен Түркмөнстан бул баяндамага кирген эмес.

Борбор Азиядан сырткары Иран менен Беларуста эл аралык трафикке монополия киргизилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG