Эдил Байсалов көчөлөрдүн аталышы боюнча протоколго түшүндүрмө берди

Эдил Байсалов

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов көчөлөрдүн аталышы тууралуу социалдык тармактарда тараган протоколдун текстти боюнча түшүндүрмө берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасына сөз болуп жаткан протоколдун сүрөтүн жүктөп, көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүнүн тартиби бар экенин, тарыхты жокко чыгаруу аракети болуп жатканын жазды.

Ушул эле посттун алдына Эдил Байсалов жооп берип “өлкөдө борбордук көчөлөргө ар башка аттар коюлуп калбасын, эгерде өзгөртө турган болсо Манас көчөсү болсун” деген сунуш облус жетекчилеринин орун басарларынын катышуусунда өткөн онлайн кеңешмеде айтылганын билдирди. Протоколдун текстти так жазылбай калганын, “Ленин атындагы көчөлөрдүн атын өзгөрткүлө” деген демилге жок экенин кошумчалады.

Июль айынын башында Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири - Ленин көчөсүнүн аталышы Алымбек датка көчөсү деп өзгөртүлгөн.

2022-жылы биринчи Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкектеги төрт райондун - Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунун атын өзгөртүү маселесин көтөргөн.

2024-жылы ноябрда бул маселени парламенттин вице-спикери Нурланбек Сыдыгалиев да көтөрүп, Бишкектеги төрт райондун аталышын да жер-суу аталыштарын өзгөртүү мыйзамына кошууну талап кылган.

Мындай сунушутарга Москва дароо реакция жасап, Мамдуманын депутаттары Кыргызстанда “орус тилин кодулоо болуп жатат” деген сын айтышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Чолпон-Атада 24 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үч өспүрүм кармалдыЭркин күрөш (U-20): Акылбеков дүйнө чемпионатында күмүш медал алдыReuters: Аляскадагы сүйлөшүүдө Путин Крымды Орусияныкы деп таанууну сунуштаганВашингтондо Дональд Трамп менен Владимир Зеленский жолукту Жарандык активист Бекназар Айталиев 6-октябрга чейин камалдыЖапаров менен Путин Аляскадагы самиттин жыйынтыгы тууралуу сүйлөштү