Маркум Рысбек Акматбаевдин жансакчысы Литвадан кармалды

Юсуп Юсупов жана Рысбек Акматбаев.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда адам өлтүрүүгө айыпталып, 2007-жылдан бери Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн адам (Ю.Ю.) Литвадан кармалганын билдирди.

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, 46 жаштагы шектүү криминалдык чөйрөдө “Детина” деген каймана аты менен белгилүү. Ал 2007-жылы Бишкекте автоунаа жуучу жайдын ээсин атып өлтүрүп, изин жашырып кеткен. Андан тышкары, Казакстандын Алматы шаарында да адам өлтүрүүгө шек саналып, бул өлкөнүн укук коргоо органдары издөө жарыялаган.

Ю.Ю. Ички иштер министрлигинин (ИМ) ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Ушул тапты аны Кыргызстанга алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу иши жүрүп жатат.

ИИМ тараткан инициал Юсуп Юсуповдун аты-жөнүнө туура келет. “Детина” деген каймана аты менен белгилүү Юсуп Юсупов Рысбек Акматбаевдин жансакчысы болчу. Ал 2005-жылы ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылган митингде Рысбек Акматбаевдин жанында жүргөн.

1960-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында туулган Рысбек Акматбаев 1990-жылдары уюшкан кылмыштуу топ түзүп, өзү анын башында турган. Кыргызстан эгемендик алган жылдары өлкөдө криминалдык дүйнөнүн эң таасирдүү анабашы катары белгилүү болгон.

Бир нече кылмыштарга айыпталып, соттолуп чыгып, кээ бир кылмыштар боюнча акталган. 2006-жылы апрелде Жогорку Кеңешти шайлоодо Балыкчы округунан жарышка чыгып, уткан. Борбордук шайлоо комиссиясы Акматбаевге козголгон кылмыш иши боюнча Жогорку соттун чечими чыга элек болгондуктан ага мандат берген эмес. Рысбек Акматбаев ошол эле жылдын май айында киши колдуу болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт башчы өлкөнүн ички дүң өнүмү жети айда 865,2 млрд сом болгонун айттыУкраинанын Одесса жана Сумы облустары жапырт чабуулга кабылды Жеңиш чокусунан 60тан ашык адам эвакуация болдуТрамп: Путин Зеленский менен жолугушууга көндү Айыл чарба министрлиги кармалган кызматкерлери боюнча комментарий берди