Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган кызматкерлери тууралуу комментарий берди.
Мекеме тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен азырынча иштин жагдайларын ачыктоо мүмкүн эмес экенин, бирок министрликтин кызматкерлери милдеттерин так жана кынтыксыз аткарууга дайым аракет кылып келатканын билдирди.
УКМК суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдиновду, Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергеновду, министирликтин (М.Э.У.) жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысын (Н.у.Б.), андан тышкары мал-жандыкты сыртка экспорт кылууда ортомчу болгон делген адамдарды кармады.
Атайын кызмат аларга мал-жандыкды чет өлкөгө сатууга бөлүнгөн квоталарды тааныш-туунуштарына жасап берип, коррупциялык схеманын айынан 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып кеткенин жана бул эттин кымбатташына себеп болгонун кабарлаган.
Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Ошондой эле мал-жандыкты сыртка ташуу убактылуу токтотулган. (BTo)
Шерине