"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Ысык-Көл облусунда орусиялыктар муз аянты курулушуна жардам берет. Мындай макулдашуу Москвада өткөн «Еврохоккей Кубогуна» арналган эл аралык мелдеш учурунда болду.
Шериктештер кубогунда өлкө намысын коргоо үчүн Нарындын “Дордой - Динамо” командасы Москвага эртелеп барды. Быйыл да ал өз тобунда атаандаштарын жеңип, чейрек финалга чыгаары күмөн.
Кыргызстандын жаратылышы, ак кар көк музу кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ынгайлуу. Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш мезгили, Ысык-Көлдүн тоолуу аймагы , Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет.
Учурда Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстан менен Түштүк Кореянын тандалган балбандарынын биргелешкен машыгуулары өтүүдө. Кыргызстандын грек-рим күрөш федерациясынын жетекчиси алмашты.
Өткөн жылы өлкөдө 3 миңге жакын өрт кырсыгы болуп, анын кесепетинен 110 адамдын өмүрү кыйылган. Адистер соңку жылдарда өрт кырсыгынан сактануу иш-чаралары солгундап, жетиштүү чара көрүлбөй жатканын айтышууда.
Учурда жолдор тайгак болуп туз, кум себилбегендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар. Бишкектеги «Тазалык» ишканасынын жетекчилери күнүнө көчөгө 320 тонна кум себилип жатканын айтышууда.
Улуттук спорттун негизги түрү болгон ордо оюну боюнча ар жыл сайын “Алтын томпой” мелдеши өткөрүлгөнү менен бул оюнга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келүүдө.
2008-жылда жылдызы жанган спотчулар, спорт тармагынын күңгөй-тескейи, 2009-жылы боло турган негизги мелдештер тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов "Азаттыкка" маек курду.
28-декабрда Кыргызстандын футболдон 2008- жылдын мыктылары аныкталып, аларга сый- урмат көрсөтүлдү.17-чемпионатынын жеңүүчүсү Нарындын “Дордой-Динамо” командасына баш байгелер ыйгарылды.
2008-жыл да аяктап келатат. Быйылкы жылдын эң негизги жана маанилүү мелдеши - Бээжинде олимпиадалык оюндар өткөрүлдү. Чынында 2008-жыл кыргыз спорту үчүн ийгилик алып келгени менен чоң сыноо болду.
2008- жылы Кытайдын борбору Бээжинде олимпиада болуп, 205 өлкөнүн спортчулары күч сынашты. Мында кыргызстандык балбан, Азия чемпиону Канатбек Бегалиев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.
Кыргызстандын cпорт федерацияларынын айрымдарын президент Курманбек Бакиевдин уулдары, инилери жана жакын санаалаштары жетектеп жатышат.
Кыргызстанда суулардын жээгинде музда балдар хоккей ойноп, коньки тепкени менен атайын муз сарайы болгон эмес. Бишкекте алгачкы чоң муз тебүү аянты менен спорт сарайы ишке берилди.
“Жылдын мыкты мамлекеттик ишмери” атагына парламент депутаты Улукбек Ормонов ээ болду. "Курч калем" сыйлыгын “Азаттык” үналгысынын алдыңкы журналисти Бурул Турдубек кызы Сарыгулова жеңип алды.
Футбол адистеринин жана спорт журналистеринин иликтөө-пикирлери боюнча жылдын мыкты футболчулары аныкталды. Футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин ордуна Айбек Алыбаев жетекчи болду.
Өлкө боюнча наркологиялык каттоодо баңгизатка көз каранды 9 миңге жакын адам турганы менен, иш жүзүндө алардын саны алда канча көп. 14-декабрдын түнүндө Сокулуктан 118,5 кг баңгизаты кармалды.
Бишкекте оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесин арналган эл аралык мелдеште казакстандык жана кыргызстандык балбандар күч сынашты.
Декабрдын башында Түштүк Кореяда өткөн оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында эки кыргыз жигити күмүш жана коло медалды жеңип алышты.
Чыңгыз Айтматов чыгармачылыгында улуттук оюндарына маани берген. Ал ат чабыш, аламан байге, улак тартышты көркөм сүрөттөп берген. Өзү ат мингенди, улак тартканды жактырган. Бассейинде сүзүп турган.
10-декабрда “Кыргызстан маданияты” жумалыгы кайрадан жарык көрдү.
Дагы жүктөңүз