"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
10-декабрдан баштап өлкөдө сырттан алынып келген автоунааларга бажы төлөмдөрү көтөрүлөт. Бул жагдай автоунааларды алып келип сатып ишкерлик кылгандардын нааразылыгын жаратууда.
Бишкекте айрыкча уюлдук телефон уурдоо, үй тоноо, жер участогун алып берем деген алдамчылык жана милиция кызматкеримин деген жалган документ менен тоноо фактылары арбын.
3 - декабрь майыптардын эл аралык күнү. Соңку жылдары Кыргызстанда майыптарга үй-жай куруу, билим берүү жагынан бир катар аракеттер жемишин берди, бирок алар үчүн ишке орношуу, эл аралык уюмдардан жардам тартуу кыйын болууда.
Батыш Африканын Того өлкөсүндө өткөн бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 4 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи.
Бишкекте бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, маркум Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда Борбор Азиянын жүздөн ашуун балбаны күч сынашты.
Спорт чөйрөсүндө кызытма менен кармалган чыр-чатактар арбын болуп баратат. Муну атаандаштарына атайы бут тосуу катары баалагандар бар. Кыргызстандан да кызытма колдонуп, кармалган спортчулар болгон.
Иички иштер министрлиги журналист А. Саипов өлтүрүлгөн курал Бишкекте кармалгандыгы жана аны менен бейбаштык жасагандардын ичинде оппозиция лидерлеринин бири А. Жекшенкуловдун уулу бар экени жөнүндө билдирүү жасады.
Дүйнөнүн ааламдашуусу менен чет жерден кыз алып, кыз бергендер көбөйдү. Кыргыздын кыздары ары жагы АКШ, бер жагы Кытайга кетип атса, кыргыз жигиттери вьетнам, жапон, немис кыздарына үйлөнүүдө.
Түштүк Кореяда өткөн оор атлетика боюнча Азия Кубогунда эки кыргыз жигити күмүш жана коло медалды жеңип алышты. Эми алар 1-декабрда Түштүк Кореяда башталчу Азия чемпионатына да катышат.
Жапониядагы элчиликте көп жыл иштеген коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков Жапон өлкөсүнүн эң жогорку сыйлыгынын бири «Таңкы күн» ордени менен сыйланып, аны өлкөнүн императорунун колунан алып кайтты. Жапониядан сыйлык алып келген Ишенбай Абдуразаковду кабарчыбыз кепке тартты.
Kыргыздар тайганчылык өнөрдү байыртан барктап, муундан муунга мурастап, табын билип таптап, аңчылыкка салып келген. Учурда кыргыздын таза кандуу тайганынын тукуму азайып, бул өнөр колго алынбай баратат.
Бишкектеги «Көк-Жар» кичирайонунун аймагындагы Улуттук футбол борборунда жаңы ачылган футбол стадионунда кыздар арасында «Үмүт» эл аралык мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Италиянын Рива Дель Гарда шаарында өткөн таэквондонун ITF версиясы боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандыктар 9 алтын, 4 күмүш жана 5 коло медаль утуп, 45 өлкөдөн командалык эсепте төртүнчү орунду ээлешти.
Бүгүн Бишкектеги «Көк-Жар» кичирайонунун аймагындагы Улуттук футбол борборунда жаңы футбол стадионунун ачылыш аземи болду.
Батыштын ири шаарлары сымал Бишкекте да жол тыгындар көйгөйлөрү пайда боло баштады. Айрыкча электр жарыгынын өчүшүнөн борбордук көчөлөрдө күчөгөн автоунаа тыгындары шаар тургундарын нааразы кылууда.
4-ноябрда боло турган АКШдагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүп турган айрым кыргызстандыктар жеңишке жеткен президент жаңы өзгөрүүлөрдү алып келет деген ишенимде.
Бүгүн мурда комсомол кызматында иштегендер Бишкекте комсомолдун 90 жылдыкты белгилешет. Комсомолдун мектебинен өткөн инсандар учурда жетекчи кызматтарда, коомдук, партиялык иштерди аркалап келатышат.
Өлкөнүн футбол чемпионаты 26-октябрда жыйынтыкталды. Баш байге үчүн Нарындын “Дордой-Динамо” жана Канттын “Абдышата” командалары беттешип, “дордойчулар” бешинчи ирет чемпиондугун сактап калышты.
Индонезияда Бали аралында жээкте ойнолуучу спорт түрлөрү боюнча I Азия оюндары 26-октябрда жыйынтыкталды. Кыргызстандык балбандар жана суучулдар I Азия оюндарында байгелүү орундарга илинбей калышты.
Бүгүн 24-октябрда кыргызстандык балбандар Индонезия өлкөсүнүн Бали аралында өтүп жаткан жээкте ойнолуучу спорт түрлөрү боюнча I Азия оюндарында күч сынашууларга катышат. 45 өлкөнүн ичинен Индонезия өлкөсү биринчи орунда келатса, казакстандыктар бир алтын байгелүү болушту.
Дагы жүктөңүз