"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Армрестлинг – кол күрөш спорту Азияда жана дүйнө жүзүндө абдан таасирдүү болуп баратат. Буга Алматыда өткөн Азия чемпионаты күбө.
18-19-октябрда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында кыргыз элинин жамбы атуу, жаа тартуу, тайганчылык жана мүнүшкөрлүк өнөрүн калыбына келтирүү боюнча Эл аралык биринчи фестиваль өткөрүлдү. Фестиваль учурунда тоого бөлүнүп чыгып кеткен фотожурналист Игорь Коваленкого капыстан бүркүт кол салып, башынан жаракат алды.
Кыргызстандын футболдон 17-чемпионатынын финалдык таймашууларында өлкөнүн төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы менен Канттын “Абдыш ата” командалары беттешкенде гана быйылкы жеңүүчү аныкталат. Өлкөнүн футбол чемпионаты 18-октябрь ишемби күнү жыйынтыкталмакчы.
Бүгүн 14-октябрда Кыргызстандын чакан спорттук делегациясы Индонезия өлкөсүнүн Бали аралында өтө турган жээкте ойнолуучу спорт түрлөрү боюнча I Азия оюндарына аттанып кетишти.
Өлкөнүн Улуттук Олимпиада Комитетинин президенти Мурат Саралинов Орусиянын "ГазпромАзия" ишканасына кызматка чакырылып жаткандыктан спорт чөйрөсүндө президент Курманбек Бакиевдин эки уулунун бири Улуттук Олимпиада Комитетине президент болот деген кеп арбыган. УОКтун жетекчилиги алмашуусу ыктымал деген пикирлер да айтылууда. Ошондуктан спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макеш УОКтун президенти Мурат Саралиновго жолугуп, ушул жагдайлар тууралуу маектешкен.
Бүгүн 10-октябрда Бишкекте өтө турган КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине катышууга келген жетекчилерди тосуп алып, коштоп жүрүү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 5 миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Ошондой эле cаммит учурунда Бишкекке сырттан кирүүчү автоунааларга чектөө коюлду. Ал эми КМШ өлкө башчыларынын саммити баштала элек учуруда эле айрым жолдор убактылуу тосулганына жергиликтүү айдоочулар нааразы.
Бүгүн, 7- октябрь - кыргыз авиация кызматкерлеринин кесиптик күнү. Бирок бул күнү бул тармакта майрамдык маанай өкүм сүрбөй эле, көйгөйлөрү көкөй кесип турат. Себеби Кыргызстандын жарандык авиация тармагынан каттоодон өткөн 32 авиакомпания тең Еврокомиссиянын “кара тизмесинде” турат. Ошондой эле жакында болгон авиакырсык дагы бул тармактын кризисин тереңдетти дешет адистер.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын байкоочулары мыйзам бузууларга жол берилип жатканын айтышууда. Айрым шайлоо участогунун жетекчилери да шайлоого жергиликтүү калк начар катышып жаткандыгын моюнга алышууда.
30-сентябрда түштөн кийин Ысык-Көлдүн тескей тарабындагы Балыкчы-Каракол жолунун Ырдык айылына чукул Бээжин олимпиадасынын коло медаль ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев катуу ылдамдыктагы автоунаасын башкара албай кырсыкка кабылган. Президент тартуу кылган бул автоунаанын ичинде Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктуруучулар Эмил Алыкулов менен Мейрамбек Ахметов да болгон. Бактыга жараша алардын баары аман калышты. Бир гана Руслан Түмөнбаев башынан жаракат алып, учурда Бишкектеги 4-ооруканада дарыланууда.
Саясий айдыңда президенттин уулу Максим Бакиевге БШКнын мурдагы төрайымы тарабынан доомат айтылып жатканда, спорт чөйрөсүндө президенттин эки уулунун бири Улуттук олимпиада комитетине президент болот деген кеп арбыды. Мындай кырдаал 2004- жылы экс- президент Аскар Акаевдин уулу Айдардын айланасында дагы түзүлуп, ал УОКтун президенти болуп шайланышы менен аяктаган.
Бүгүн 27- сентябрда Кыргызстанда дене тарбия, спорт күнү белгиленип, Бишкектеги Алатоо аянтында жарыштарга, эстафетага эки миңдей спортчу катышты. Ал эми адистердин айтымында ордо калаа Бишкекте гана спортко өзгөчө көңүл бурулуп, айыл жергесинде дене тарбия көңүл сыртында калууда.
Бүгүн (21-сентябрда) Бишкектеги “Спартак” стадионунда Азиянын Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогунун финалында Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” клубунун оюнчулары менен Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАЗ” командалары беттешти. Кызуу жүргөн таймаштын негизги убактысында алар тең чыгып, акыры “Регар-ТадАз” командасынын жолу болуп, жекеме-жеке топ тебүүнүн жыйынтыгында тажик коноктор баш байгенин ээси болушту.
21-сентябрда Бишкектеги “Спартак” стадионунда Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы менен Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАз” командасы Азиянын Футбол боюнча континенталдык федерациясынын президентинин кубогунун баш байгеси үчүн таймашка чыгат. 19-сентябрдагы жарым финалдык беттешүүлөрдө тажиктердин “Регар-ТадАз” командасы менен түркмөнстандык “Ашхабад” командалары күч сынашты. Ал эми экинчи жарым финалдык оюнда Непалдын чемпиону “Непал Полис Клаб” командасы менен Нарындын “Дордой-Динамо” командасы таймашкан.
Мындан 55 жыл илгери 1953-жылдын 18-мартында кыргыздын чыныгы патриот уулдарынын бири, таланттуу журналист Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) диктатор Иосиф Сталиндин өлүмү тууралуу серепти кыргыз тилинде маалымдап, «Азаттык» үналгысынын (“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматынын) тушоосу кесилген. «Азаттык» үналгысын негиздеген Азамат Алтай агабыздын көзү тирүү болгондо бүгүн (15-сентябрь) 88 жашка чыкмак. Анын атын түбөлүккө калтыруу үчүн Эл аралык кайрымдуулук корун түзүү демилгеси көтөрүлүп жатат.
Эртең 6-сентябрда Кытайдын борбору Бээжинде кайрадан спорттук майрам башталганы турат. Бул ирет майып спортчулардын паралимпиадалык оюндарынын ачылыш аземинде кыргыз туусун эл аралык спорт чебери Роман Өмүрбеков жалгыз көтөрүп чыгат. Роман Өмүрбеков - Кыргызстандын намысын Барселона, Атланта, Сидней, Афины паралимпиада мелдештеринде коргоп келген, Европа жана Шериктеш өлкөлөр чемпиону.
Кыргызстандын спорт коомчулугунда 2012-жылы Лондондо өтө турган 30-жайкы олимпиадага азыртан даярдык көрүү зарылдыгы айтыла баштады. Мындай демилге кечээ күрөш федерациясы уюштурулган иш чарада көтөрүлдү. Иш чара Бээжин олимпиадасында мөрөй алган балбандарга урмат көрсөтүү максатында уюштурулду. Ага спорт коомчулугунун кеңири чөйрөсү жана тарапкерлери катышты.
30-августта Бишкектеги «Аккула» ат майданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 17 жылдыгына карата өлкө президентинин кубогу үчүн көкбөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байгени жана кубокту Бишкектин «Бөрүлүү» командасына мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу тапшырды.
Дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турган Бээжин олимпиадасына саналуу гана күндөр калды. Италиянын борбору Рим шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Гран-при мелдешинде Азиянын чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев мөөрөй алуу менен Бээжинге жолдомо утуп алган. Кыргыз спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырган Канатбектин Бээжин олимпиадасына даярдыгы кандай? Байгелүү орунга жете алабы? Негизги атаандаштары кимдер?
Дүйнөлүк коомчулук күткөн Бээжин олимпиадасынын оту 8-августта жанат. Дүйнөнүн эки жүздөн ашык мамлекеттери олимпиадага кызуу даярдык көрүп жатышат. Олимпиадага Кыргызстандан 20 спортчу гана катышмакчы. Президент Курманбек Бакиев 29-июлда Ала-Арча резиденциясында сапарга чыгаар алдында спортчулар менен жолугушту.
Бүгүн 26- июлда Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин төрагалыгы астында өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугунун абалы боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга ИИМдин МАИ башкармалыгынын жетекчилиги, Ош, Бишкек шаардык, бардык облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилеринин орун басарлары, облустардын МАИ бөлүмдөрүнүн башчылары, шаардык, аймактык, район аралык экзамендик-каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Жыйында жолдо жүрүү эрежелери сакталбай жатканы, жол кырсыктарынын себептери, аны жоюу чаралары тууралуу кеп болду.
Дагы жүктөңүз