"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турган Бээжин олимпиадасына саналуу гана күндөр калды. Бүгүн Кыргызстан чегара кызматынын башкы штабында ок атуу боюнча эларалык спорттун чебери, старшина Руслан Исмаиловду Бээжинге Олимпиадага узатуу салтанат болду. Мерген Русландын Бээжин олимпиадасына даярдыгы кандай? Байгелүү орунга жете алабы? Негизги атаандаштары кимдер?
17-июлда Бишкек шаардык кеңеш тарабынан борбор шаардын мэри болуп, Нариман Түлеев шайланды. Түлеевге атаандаш катары мэрдин орун басары Олег Тарбинскийдин талапкерлиги да көрсөтүлүп, бирок ал өзүнүн талапкерлигин Түлеевдин пайдасына алып койду. Саясатчылар, адистер арасында жаңы шайланган мэрди “чарбачыл, шаар түйшүгүн, жүгүн көтөрө алат” деген пикирлер айтылууда. Бирок “жаштык кылып, шаар көйгөйлөрүн чече албайт” же "2005-жылы ак шапкечендерди уюштурган" деген сын пикирлер да бар.
Дүйнө коомчулугунун көңүлүн борборунда турган Бээжин олимпиадасынын ачылышына саналуу гана күндөр калды. Кыргызстандык спортчулардан экинчи болуп Бээжин Олимпиадасына жолдомо алган эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алексей Крупняков. Адистердин айтымында, ал да Олимпиаданын баш байгесине талапкер болушу толук ыктымал. Себеби Алексей жакында эле Польшада өткөн эл аралык Гран-при мелдешинде алтын байгенин ээси болду. Бээжинде өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга балбан Алексей Крупняковдун даярдыктары кандай?
4-июлдан 15-июлга чейин Саха Республикасында (Якутия) салтка айланган эларалык "Азия балдары" турнири өткөрүлдү. Бул мөрөй талашууга 17 өлкөнүн жана Орусиянын 27 аймагынан 3 миңдей жаш спортчу катышып, кыргызстандык спортчулар 11 медалды олжолоп жеңиштүү келишти.
Дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турган Бээжин олимпиадасына саналуу гана күндөр калды. Кыргызстандык спортчулардан биринчи болуп Бээжин Олимпиадасына жолдомо алган эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев да Олимпиаданын алтын байгеси үчүн аракет кылаарын “Азаттыкка” билдирди. Себеби ал жакында эле Орусияда өткөн эл аралык Гран-при мелдешинде күмүш байгенин ээси болду. Бээжинде өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга балбан Базар Базаргуриевдин даярдыктары кандай?
4-июлдан 14-июлга чейин Саха Республикасында (Якутия) салтка айланып бараткан эларалык "Азия балдары" турнири өткөрүлүп жатат. Бул мөрөй талашууга 17 өлкөнүн жана Орусиянын 27 аймагынан 8 миңдей жаш спортчу катышууда. Учурда кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байгелүү болушту.
7-июлда «Замандаш» партиянын саясый кеңеши партиянын лидери Мухтар Өмүракуновдун камакка алынышы боюнча ишти мыйзам чегинде адилет чечүүнү, баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Мухтар Өмүракуновдун камакка алынышы чет жактардагы кыргыз диаспораларынын нааразылыгын жаратууда. Окуяга байланыштуу Орусия жана Казакстандагы кыргыз жарандары тынчсызданып, алар дагы президентке кайрылуу жөнөтүшкөн.
Бээжинде өтө турган 29-олимпиадалык оюндарга Кыргыз туусун бокс боюнча эл аралык спорт чебери Асылбек Таласбаев көтөрүп барып, өлкө намысын коргойт. Кыргызстандык боксчулардан бир гана Бээжин олимпиадасына жолдомону Астанадагы Казакстандын президентинин куброгунда утуп алган Асылбек Таласбаев да олимпиаданын алтын байгеси үчүн аракет кылаарын “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Быйыл август айында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга боксчу Асылбек Таласбаевдин даярдыктары кандай? Бээжин олимпиадасында анын негизги атаандаштары кимдер?
2-июлда дүйнө жүзүндө Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү белгиленди. Бул уюм 1924- жылдан бери дүйнөлүк спортту, олимпиадалык кыймылды, дене тарбия, спорт ишмердүүлүгүн чагылдырып, көйгөйлөрдү ортого салып келет. Кыргызстандагы спорт журналисткасынын абалы кандай? Спорттук гезит- журнал, өзүнчө маалымат каражаттарынын жоктугу спорттун өнүгүшүнө кедерги болобу? Спорт журналисттеринин кесиптик деңгээли учур талабына жооп береби?
Кечээ Бээжин олимпиадасына карата Кыргызстан олимпиада командасынын формаларынын бет ачаары болду. Аземге өкмөт башчы Игорь Чудинов катышты. Быйыл август айында баштала турган Бээжин олимпиадасына катышуучу Кыргызстандын спорттук командасына жергиликтүү чеберлер атайын форма тигишкен. Ал кыргыз мамлекеттинин символикалары менен жасалгаланган.
Кечээ 29-июнда футбол боюнча Европанын 13- чемпионаты соңуна чыкты. Баш байге үчүн Австриянын Вена шаарындагы «Эрнест Хаппель» стадионунда Германия жана Испания курама командалары күч сынашып, 1:0 эсебинде испандар жеңишке жетишти. Кыргызстандын футбол күйөрмандары Европа чемпионатынын финалдык оюндары тууралуу өз ой-пикирлерин «Азаттыкка» билдиришти.
7-июнда башталган футболдук Европа чемпионаты, бүгүн 29-июнда соңуна чыкканы турат. Баш байге үчүн Австриянын Вена шаарындагы «Эрнест Хаппель» стадионунда Германия жана Испания курама командалары күч сынашат. Кыргызстандын футбол күйөрмандары Европа чемпионатынын оюндары, баш байгеге талапкер эки команда тууралуу өз ой-пикирлерин «Азаттыка» билдиришти.
Кечээ 26-июнда түнү Европа чемпионатынын экинчи жарым финалында Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда орусиялыктар менен испаниялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болду. Мында испаниялыктар орустарды 3:0 эсебинде жеңип, финалга чыгышты. Эми 29-июнда финалдык беттешүүдө германиялыктар менен испаниялыктар мөрөй талашып, Европанын 13-чемпиону аныкталат.
Кечээ 25-июнда түнү Европа чемпионатынын жарым финалында түркиялыктар менен германиялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болуп, мында германиялыктар 3:2 эсебинде жеңип, финалга чыгышты. Бүгүн 26-июнда экинчи жарым финалдык беттешүүдө орусиялыктар менен испаниялыктар мөрөй талашат.
Бишкектеги “Ортосай” базарында кош бийлик өкүм сүрүп, жетекчилик менен мэрия ортосундагы тирешүү башталды. Биринчи тарап базарды төрт жылга ижарага алганбыз, бардык салыктарды төлөп жатабыз, келишимибиз ушул жылдын декабрь айында бүтөт” дешет. Ал эми экинчилери Бишкектеги базарлардын баары жергиликтүү бийликтин карамагына өтүп жаткандыктан базар башчылыгы жоюлуп, бирдиктүү башкарууга өтөт деген талаптарын коюшууда.
Жекшембиден дүшөмбүгө караган түнү миңдеген испаниялыктар көчөгө чыгып, өз футбол курамасынын чейрек финалда италиялык кураманы жеңгенин майрамдашты. Испания 1984-жылдан бери Европа чемпионатынын жарым финалына чыгыша элек болчу. Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын көбүнүн Италия утушка ээ болот деген ишеними акталган жок.
Ишембиден жекшембиге караган түнү миңдеген орусиялыктар көчөгө чыгып, өз футбол курамасынын чейрек финалда голландиялык кураманы жеңгенин майрамдашты. Пост-советтик Орусия алгачкы жолу футболдо ушундай ири баскычка чейин жетип отурат. Ал түгүл Бишкекте да орустарга тилектештер көчөдө сайрандап жүрүштү. Бүгүн кечинде болсо Испания менен Италиянын курамалары чейрек финалда күч сынашмакчы.
Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында экинчи чейрек финалдык таймашууда Түркия командасы негизги атаандашы Хорватия футболчулары менен беттешти. Натыйжада негизги убакытта эсеп ачылбай, кошумча убакыт да 1:1 эсебинде аяктап, жекеме- жеке топ тебүүдө 4:2 эсебинде түркиялыктар жеңип, жарым финалга чыгышты.
Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында алгачкы чейрек финалдык таймашууда Португалия командасы негизги атаандашы Германия футболчулары менен беттешип, натыйжада 3:2 эсебинде германиялыктар жеңип, алар жарым финалга чыкты.
Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында чейрек финалга чыккан командалар аныкталды. Кечээ түнү Орусия командасы негизги атаандашы Швеция футболчуларын 2:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Ошондой эле испаниялыктар грекиялыктар менен мөрөй талашты.
Дагы жүктөңүз