"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында чейрек финалга чыккан командалар аныкталып жатат. Кечээ Италия командасы негизги атаандашы Франция футболчуларын 2:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Голландия Румыния менен оюнда экинчи курамындагы футболчуларын чыгарганына карабастан 2:0 эсебинде утуп алды. Бүгүн 18-июнда “Д” тобундагы атаандаштардан Орусия менен Швециянын футболчулары беттешет. Ошондой эле испаниялыктар грекиялыктар менен мөрөй талашат.
Австрия жана Швейцарияда өтүп жаткан Европа чемпионатында Германия командасы талаа ээлеринин бири Австрия футболчуларын 1-0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Хорватия Польша менен оюнда экинчи курамындагы футболчуларын чыгарганына карабастан Польшаны 1-0 эсебинде утуп алды. Эми хорваттар чейрек финалда Түркия менен беттешет. Ал эми Германия Португалия командасы менен чейрек финалда мөрөй талашат. Бүгүн 17-июнда “С” тобундагы атаандаштардан Голландия менен Румыниянын футболчулары беттешет. Ошондой эле франциялыктар италиялыктар менен мөрөй талашат.
Кечээ 15-июнда кечинде түркиялыктар менен чехиялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болуп, мында түрктөр 3:2 эсебинде жеңип, “А” тобунда алар да чейрек финалга чыгышты. Ошондой эле талаа ээси швейцариялыктар менен портуиялыктар беттешип, 2:0 эсебинде швейцариялыктар утуп алышты. Бүгүн 16-июнда “В” тобундагы атаандаштардан Польша менен Хорватиянын футболчулары беттешет. Ошондой эле Европа чемпионатынын уюштуруучуларынын бири австриялыктар германиялыктар менен мөрөй талашат.
Кечээ 14-июнда кечинде испаниялыктар менен швециялыктардын ортосунда курч, кызыктуу таймашуу болуп, мында испаниялыктар 2:1 эсебинде жеңип, “Д” тобунда алар чейрек финалга чыгышты. Ошондой эле Австриянын Зальцбург шаарында Европа чемпиону гректер менен орусиялыктар беттешип, 1:0 эсебинде орусиялыктар утуп алышты. Бүгүн 15- июнда Швейцариянын Базель шаарында Швейцария жана Португалиянын футболчулары беттешет. Ошондой эле Женева шаарында Түркия менен Чехиянын командалары мөрөй талашат.
Кечээ 12- июнда кечинде германиялыктар менен хорватиялыктардын ортосунда курч, кызыктуу таймашуу болуп, хорбатиялыктар жеңип, алар чейрек финалга чыгышты. Ошондой эле Австриянын Вена шаарында талаа ээлери австриялыктар менен польшалыктар беттешип, тең чыгышты. Ошондой эле бүгүн 13- июнда Швейцариянын Цюрих шаарында Италия менен Румыниянын командалары мөрөй талашат. Берн шаарындагы кийинки беттешүү Голландия менен Франция улуттук командаларынын ортосунда болот.
Кечээ, 10-июнда түндөсү Австриянын Инсбрук шаарында “Д” тобунда Испания менен Орусиянын тандалма командалары беттешти. Ошондой эле Австриянын Зальцбург шаарында 2004- жылы Европа чемпиону болгон Грекия Швециянын футболчулары менен мөрөй талашты. Европа футбол таймашууларын кыргызстандык көпчүлүк күйөрмандар да теле берүүлөр аркылуу кызыгып көрүп, орусиялыктарды сүрөөнгө алышты. Бирок алар ишенимди актаган жок.
9-июнда Швейцариянын Цюрих шаарындагы "Летцигрунд" стадионунда футбол боюнча Европа чемпионатынын “С” тобундагы Румыния - Франция өлкөлөрүнүн командалары беттешти. Ошондой эле кечээ түнү Швейцариянын Берн шаарындагы "Стад-де-Суисс" стадионунда Голландия – Италиянын улуттук командалары мөрөй талашты. Европа футбол таймашууларын кыргызстандык күйөрмандар да телеберүүлөр аркылуу кызыгып көрүштү.
Кечээ, 9-июнда түндөсү Швейцариянын Цюрих шаарындагы "Летцигрунд" стадионунда футбол боюнча Европа чемпионатынын “С” тобундагы Румыния - Франция өлкөлөрүнүн командалары беттешти. Ошондой эле кечээ түнү Швейцариянын Берн шаарындагы "Стад-де-Суисс" стадионунда Голландия – Италиянын улуттук командалары мөрөй талашты. Европа футбол таймашууларын кыргызстандык күйөрмандар да теле берүүлөр аркылуу кызыгып көрүштү.
Бүгүн 9-июнда түндө Швейцариянын Цюрих шаарындагы "Летцигрунд" стадионунда футбол боюнча Европа чемпионатынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/06/19816D00-5D7D-4310-B8D3-B2855AFBFFFE.ASP “С” тобундагы Румыния-Франция өлкөлөрүнүн командалары беттешет. Ошондой эле бүгүн түнү Швейцариянын Берн шаарындагы "Стад-де-Суисс" стадионунда Голландия-Италиянын улуттук командалары мөрөй талашка чыгышат.
Кечээ, 7-июнда Швейцариянын Базел шаарында футбол боюнча Европа чемпионаттын ачылыш аземи болуп, биринчи беттешүү Швейцария жана Чехия --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/06/B0E54B12-B2B9-4264-A20C-AD442C7097C5.ASP улуттук командаларынын ортосунда өтүп, 1:0 эсебинде чехтер алгачкы жеңишке жетишти. Ошондой эле Португалия жана Түркиянын футболчуларынын таймашуусу күрч мүнөздө өтүп, 2:0 эсебинде португалиялыктар утуп, үч упайдын ээси болушту. Эми бүгүн, 8-июнда түнү кыргызстандык күйөрмандар «В» тобундагы атаандаштар Австрия менен Хорватия жана Германия менен Польша өлкөлөрүнүн командалары Европа чемпиондугу үчүн алгачкы таймашууга чыгышат. Европа футбол таймашууларын кыргызстандык күйөрмандар да телеберүүлөр аркылуу көрүп жатышат.
”Жайкы эс алуу мезгилинде чет өлкөлөрдөн келчү туристтердин коопсуздугун жана жол эрежелерин сактоону камсыз кылабыз” дешет Ички иштер министрлигинин жетекчилери. Ошондуктан милиция жана МАИ кызматы жайкы туристтик сезонго карата бардык тиешелүү даярдыктар көрүүдө. Ал эми Ысыккөлгө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/3E6FC2C6-5494-4323-A30A-72C0152C4FF8.asp эс алууга келген туристтерди обу жок текшерүү, МАИ кызматкерлери негизсиз айып салуулары менен өлкөнүн кадыр-баркына доо кетирип жатканын жергиликтүү калктын өкүлдөрү айтып, сынга алып жүрүшөт.
Бүгүн 3-июнда Жогорку Cотто “Кыргыз керек-жаракчылар кошуну” коомдук бирикмеси менен Бизнес, финансы жана башкаруу укугу эл аралык академиясынын ортосундагы мүлк талашуу маселесине чекит коюлат. Эки тарап тең бири-бирин кыймылсыз мүлккө мыйзамcыз ээ болуп алышкан дешип айыптоодо.
1-июнда Бишкекте борбордук «Спартак» стадионунда жеңил атлетика боюнча 1980-жылы Москва олимпиадасынын чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эларалык жеңил атлетика мелдеши жыйынтыкталды. Бул эки күнгө созулган мөрөй талашууда кыргызстандык эки жөө күлүккө Бээжин олимпиадасына --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/A617E246-DA1E-434A-8359-9FA756C1BC2F.asp жолдомолор ыйгарылды.
29-майда Түркияда Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл баатыры, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовду --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/02/7A34CE0D-BCB8-4D64-B934-4EE936AD62A6.asp Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча комитет түзүлдү. Бул маалыматты Түркияда расмий сапар менен жүргөн өлкөнүн маданият жана маалымат министри Султан Раев дагы ырастады. Ошондой эле Анкарадагы жыйында Чыңгыз Айтматовго беш жылда бир берилүүчү “Түрксойдун” сыйлыгы дагы тапшырылды. Кыргыз жазуучулары да түрк тилдүү коомчулуктун бул демилгесин колдоого алышарын билдиришти.
Кытайда мындан он жети күн мурдагы зилзаланын курмандыктарынын саны учурда алтымыш миңден ашты жана сексен миңге чейин жетиши ыктымал. Кытай --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/CD38183B-BC74-4011-AED1-07B3A3E1EFAD.asp өкмөтү табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга чамасы жетпестигине көзү жетип, өткөн жумада гана эл аралык уюмдардын кызматкерлерин өлкөгө киргизип, жардам берүүсүнө макул болгон. Кыргызстандын Чукул кырдаалдар министрлиги 120 тонна гуманитардык жардам көрсөткөнүнө кытайлык кыргыздар да ыраазы. Кытайдагы кыргыз жана уйгурларга кабарчыбыз Кабыл Макеш Үрүмчү шаарынан жолуккан.
Бул күндөрү Тайланд өлкөсүнүн борбору Бангкок шаарында футзал --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/9664820F-C225-4378-94D2-3A288205C658.asp боюнча Азиянын чемпионатында тандалган 16 мамлекеттин командалары чемпиондук үчүн күч сынашып жатышат. Кечээ 15-майда чейрек финалда Кыргызстандын командасы Жапониянын футболчуларына 4:0 эсебинде жеңилип, байгелүү орунга талапкердин бири болбой калды.
14-майда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) президент Курманбек Бакиевден Жогорку Кеңеш 24-апрелде кабыл алган “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/F01EFB49-7062-4A24-B12D-6CD2F8DDC123.asp жөнүндөгү жаңы мыйзамга вето коюп, парламенттин кайра кароосуна жөнөтүүсүн өтүнгөн кайрылуу катын жолдоду. Мындан мурда дагы Медиа өкүл институту баштаган бир топ коомдук уюмдар менен маалымат каражаттары президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоп, бул мыйзамга кол койбосун өтүнүшкөн. Ал эми мыйзамдын авторлору, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары болсо мыйзам азыркы учурдун талабына ылайык кабыл алынды деген ишенимде.
Бул күндөрү Тайланд өлкөсүнүн борбору Бангкок шаарында футзал боюнча Азиянын чемпионатында тандалган 16 мамлекеттин командалары чемпиондук үчүн күч сынашып, төрт мамлекет бирден топ болуп беттешип жатышат. Жекшембиде “А” тобунда Кыргызстан менен Индонезия өлкөлөрүнүн футболчулары --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/0EBF782C-281D-4098-B805-32E4473EEB6D.asp беттешип, кыргызстандыктар 5:1 эсебинде утуп алышты. Ал эми кечээ 12-майда Ирактын командасы менен мөрөй талашып, аларды дагы 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Бүгүн 13-майда талаа ээлери тайланддыктар менен таймашууга чыгышат.
Италиянын борбору Рим шаарынан кыргызстандык спорт күйөрмандарын сүйүнткөн кабар келди. Мында грек-рим күрөшү боюнча жеңүүчүлөргө Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык Гран-при мелдешинде Кыргызстандын намысын коргогон Азиянын чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев мөрөй алуу менен Бээжинге 16 -жолдомону утуп алды.
10-майда Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин алдындагы аянтта АКШнын “Манас” аба майданындагы аскер аба базасын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/D8519AF7-038F-40ED-BCBF-25F62F0CBEF5.asp колдогон пикет болду. Пикетти “Атамекен Америка менен бирге” коомдук бирикмеси уюштуруп, анда «Орусиянын Кыргызстандагы төрт аскер базалары да ижара акысын төлөсүн», «Ысыккөлгө торпедолорун сынабасын», «Америка авиабазасы тынчтыктын, демократиянын кепилдиги» деген пикирлер айтылды. Өткөн айда айрым жергиликтүү коммунистер жана орусиячыл саясатчылар АКШнын аскердик аба базасын чыгаруу талабы менен пикетке чыккан эле.
Дагы жүктөңүз