Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 15-августтагы чечими менен Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов 4-сентябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Соттун маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда.
Жапарбек Ормоновго козголгон кылмыш иши тууралуу ИИМ азырынча маалымат бере элек.
Жапарбек Ормонов бул кызматка 2023-жылы дайындалган. Ага чейин Чолпон-Ата шаарынын мэри, Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинен ат салышкан.
Анын жакындары менен адвокаттары акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo/KS)
Шерине