Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:43

Кыргызстан

 “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган.
“Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги согушка азгырылган кыргыз жараны куткарылганын билдирди. Бийлик чет өлкөдө согушка катышкандар жазага тартыларын эскертип келет. Буга чейин “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган.

"Алданганымды билер замат элчиликке кайрылдым"

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Фейсбуктагы расмий баракчасына Украинадагы согушка кетип кала жаздаган Кыргызстандын жараны тууралуу видео чыгарды.

Анда жүзү жашырылган жигит төрт ай мурда Орусияга караштуу Якут Республикасынын Айхал шаарчасына барганын, жакында Москвага жумуш издеп келип, алданып калганын айтып берген. Элчилик анын аты-жөнүн жарыялаган жок.

"Кыргыз Республикасынын жараны болом, Орусия Федерациясына жумуш издеп келген болчумун. 14- августта Москвага келгем. Мени бул жакка акы төлөнгөн кызмат өтөөгө чакырышкан. Көрсө, булар мени калп айтып согушка жөнөтөйүн деген максат менен алып келишиптир. Мен муну билер замат Кыргыз Республикасынын элчилигине кайрылдым. Аябай кубанычтамын, бир заматта келишти да, чыгарып кетишти", - деп сүйлөдү ал.

Орусияда Украинадагы согушка азгырылганын айткан кыргызстандык. Скриншот элчиликтин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Орусияда Украинадагы согушка азгырылганын айткан кыргызстандык. Скриншот элчиликтин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттарды согушка азгырган учурлар көп экенин билдирди.

Анын айтымында, дипломатиялык мекеме Орусиядагы журтташтар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Буга карабай Украинадагы согушка кеткендер да жок эмес:

Айымкан Кулукеева
Айымкан Кулукеева

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, жараныбыз элчиликтин кызматкерлеринин катышуусунда андан ары аскерге кызмат өтөөдөн жазуу түрүндө баш тартып, чыгарылды. Буга чейин элчиликке ушул сыяктуу бир катар кайрылуулар түшкөн. Жарандар өздөрү аскерге кызмат өтөөгө макулдук берип, атайын машыгуулардан өтүп жаткан мезгилде жакын туугандары, үй-бүлөсү билип калып, элчиликке кайрылган учурлар болгон. Алардын арасынан элчиликтин көмөгү менен келишимге кол коюудан баш тартып, бүгүнкү күндө Кыргызстанга кеткендер бар. Жакындары чырылдап жатса да, өздөрү элчиликке: “киришпегиле, бул менин жеке чечимим” деп, материалдык жагына кызыгып кеткендер да жок эмес. Бирок, мындай көрүнүш массалык түрдө эмес", - деди Кулукеева.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Буга чейин Украинадагы согушта Орусиянын армиясынын катарында согушка катышкан Кыргызстандын жарандары сот жообуна тартылган окуялар болгон.

10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын отуз сегизи каза болгон.

Норвегиянын Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале азыр деле согушка азгырылып жаткандар бар экенин белгилейт:

“Украинанын өкмөтү жарыялаган тизмелерге Кыргызстан көңул бурушу керек. Акыркы тизмеде эле 2025-жылы эле орус армиясы менен келишим түзгөн 327 киши көрсөтүлгөн. Эң аянычтуусу - алардын эң жашы 18де. Жапжаш жигиттин Донбасста Путин үчүн өлгөнү таптакыр маанисиз. Тизмеде 19-20 жаштагы жигиттер басымдуу, алтургай 60 жаштагы киши да бар. Алар Украинада эмне кылып жүрөт?" - деп суроо салды Дале.

Согушка тартуунун аягы качан тыйылат?

Орусиядагы мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков орус-украин согушу башталганы бул өңдүү ондогон окуялар катталып жатканын, былтыр эле ага 30 кайрылуу түшкөнүн айтып берди. Документинде майда-чүйдө маселе жаралса деле коркутуп-үркүтүп, ар кандай кагаздарда кол койдурган учурлар бар экенин кошумчалады:

Мирлан Токтобекова
Мирлан Токтобекова

"Мындай маселе менен кайрылган жарандардын саны эселеп көбөйгөн. Бул бала дагы түшүнүп калыптыр эмнеге кол койгонун. Түшүнбөй Сахароводо болуп калгандар, же кандайдыр бир кылмыш иши болуп, ошонун ичинен эле бир кагазга кол коюп согушка кетип аткан жеринен бизге өтө көп кайрылып жатышат. Алдануунун эң негизги себеби: "Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүптүрсүң, сага бул же тигил иш козголот, бирок мына бул кагазга кол коюп берсең кылмыш ишинен кутуласың, кийин жарандык да аласың", - деп алдашат".

  • “Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары.
  • Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун да алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр да бар.



Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарда кесиптештеринен сексуалдык ыдык көргөн аялдардын арызданган бир нече окуясы белгилүү болду.

Жакында УКМК Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясына “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Ушундай эле шек менен Өзгөндө дагы райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы кармалды.

Мамлекеттик кызматтагы харассментти ашкере кылуу канчалык маанилүү?

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген кызматкер жумушта бир нече ирет жетекчилеринен ыдык көргөнүн айтып, Акыйкатчы институтуна кайрылды. Министрликтин бөлүмдөрүнүн биринде иштеп, харассменттин айынан иштен кеткен кыз атын ачык жарыялабоону өтүндү. Ал жумушта үч ай гана иштегенин, жетекчиликке арызданганы менен колдоо таппай, тескерисинче куугунтук, психологиялык басымга туш болгонун айтып берди:

"Материалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы бар болчу. Экөөбүз жумуш тууралуу сүйлөшүп жатканбыз, анан эле менин көкүрөгүмө колун койду. Чочуп кетип, бул эмне кылганыңыз десем, менин көзүмө карап, каткырып күлдү. Экинчисинде дагы тийишти. Абдан жаман абалда калдым. Адамдын жеке чегин аттап жатышат. Бирок, алар муну аңдашпайт. Кадимки эле болуп жүргөн эле нерседей көрүшөт. Мамлекеттик кызматты кээ бирлер жеке күркө кылып алышат. Өздөрүндө иштеп жүргөндөрдү басмырлап... Айрыкча кимди басмырлашат? Аялзатты басмырлайт".

Август айынын башында эле бул өндүү бир нече окуя коомчулукка белгилүү болду. Атайын кызмат 7-августта Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалып, ага “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Жабырлануучу арызында шектүү кол астында иштеген кызматкерге WhatsApp мессенжеринен адепсиз билдирүү-сүрөттөрдү жөнөтүп, күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлаганын жазган.

Мындан тышкары 29-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясына да ушундай эле берене менен кылмыш иши козголгон.

Тийишүүнүн кесепети же харассментке каршы тур
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:03 0:00

Шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек.

Бул окуялардан кийин Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев жыйын куруп, бул көрүнүштү айыптады.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев

“Бир кумалак бир карын майды чиритет дегендей, кээ бир судьялардын мыйзамсыз аракеттери жана этикага каршы жүрүм-турумдары жалпы сот системасынын аброюна көлөкө түшүрүүдө. Мисалга алсак, жакында эле Октябрь райондук сотунун судьясы Жаркынбек Кыдырбаевге байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан кабар коомчулукта терс пикирин жаратты”.

Акыйкатчы бир жарым жыл ичинде жумуш ордунда сексуалдык ыдык көргөн эки аял арыз менен кайрылганын маалымдады. Мекеме "эл эмне дейт?" деген аң-сезимден улам мындай окуялардын кобү көмүскөдө кала берерин, аялдар көбүнчө арыз жазбай турганын билдирди.

Былтыр февралда Кыргызстан “Жумуш ордунда ыдык көрсөтүүгө каршы” конвенциясына кошулганы аялдар аз да болсо колдоону сезип калды дейт акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева.

"Бүгүнкү күндө мыйзам тарабынан көйгөй бар. Анткени, мыйзам чегинде ыдык көрсөтүү квалификацияланган эмес, так айтканда мааниси так жазылган эмес. Кандай учурлар ыдык болуп каралары. Бирок бүгүн иштер жүрүп жатат. Эмгек жана миграция министрлиги мыйзамды иштеп чыгып Жогорку Кенешке жөнөтөт. Былтыр Ысык-Көл жактан кайрылуу болгон, бирок кийин иш элдешүү менен бүткөн. Негизи ушундай аракеттерди ачык айтпасак, социалдык тармак болобу, же башкалар аркылуу көңүл бурбасак бул иштер акырын жокко чыгарылып, жабылып калып жатат. Мындай учурлар көп эле кездешет".

Адистер ар дайым жабырлануучуларды арыз жазууга чакырып келет. Юрист Атыр Абдырахматова өзү дагы харассментке туш болгонун жашырбайт. Ал жабыркаган аялдарды сөзсүз милицияга барып, кылмышты каттатууга чакырат.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

"Биздин 2025- жылы июлда күчүнө кирген жаңы Эмгек кодексинде ошол ыдык каралган. Тогузунчу беренеде “Эмгек чөйрөсүндө басмырлоо, анын ичинде эмгек чөйрөсүндө зомбулук, ыдык көрүүгө дуушар болгон ” деп так жазылып турат. Бул аябай чоң жетишкендик. Буга кошумча биздин мыйзамда кепилдик бар, сөзсүз түрдө милицияга кайрылыш керек, андан сырткары акыйкатчыга кайрылыш керек. Анын макамы кең, анан эл аралык келишимдер менен иш алып барат".

Күч түзүмдөрүндө ыдык көргөн окуялар тууралуу так статистика жок. Бир нече жыл мурда Соттордун Ассоциациясы бул боюнча изилдөө жүргүзүп, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял харассментке, тийишүүгө кабыла турганын билдирген.

Психологдор мындай мамилеге туш болгон аялдар өмүр бою коркуу сезими менен жашап каларын белгилеп, кызмат ордунда аялдарды коргоо, алдын алуу чараларына көңул бурууга чакырып келишет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG